Борбор Азиянын кино индустриясында жигердүү өнүгүү байкалууда. Эксклюзивдүү улуттук өндүрүштүн саны гана эмес, сапаты да өсүүдө, дешет серепчилер. Бул рыноктун көйгөйлүү маселелери Астанада өткөн Евразия кинофестивалынын алкагында талкууланды. Чет өлкөлүк адистердин пикиринде, Казакстандын кино индустриясы заманбап, атаандаштыкка туруктуу тасмаларды жаратууга жөндөмдүү. Ата мекендик адистер ушул багыттагы иштерге киришкен.

ЕЛЕНА ЯЦУРА,  ПРОДЮСЕР /ОРУСИЯ:

- Менин оюмча, Борбор Азия аймагынын көз ирмебей көрүүгө татыктуу тасмаларды жаратууга мүмкүнчүлүктөрү жеткиликтүү. Сиздерде бул үчүн сонун жерлер менен өздүк көр караш бар. Кино – бул визуалдуу өнөр. Ошондуктан картина болушунча каныккан болушу шарт.

ГҮЛБАРА ТОЛОМУШЕВА,   КИНО ТААНУУЧУ / КЫРГЫЗСТАН:

- Борбор Азияда динамикалык казак киносу, арт-хаустук кыргыз тасмалары ар дайым өзгөчөлөнүп келет. Эми өзбек жана тажик киносу да жанданууда. Бул өзгөчө кубантаарлык жагдай.

Быйыл Евразия фестивалында көп тармактуу тасмаларды Кыргызстан сунуштады. Бул өлкө 8 номинациянын төртөөнө катышты.

ГҮЛБАРА ТОЛОМУШЕВА, КИНО ТААНУУЧУ/ КЫРГЫЗСТАН:

- Кыска метраждуу тасмалардын сынагына Чолпонай Бөрүбаеванын “Өмүр” аттуу тасмасы сунушталган. “Борбор Азия кербени” номинациясына Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» тасмасы катышты. «А» класстык жеңичүүлөр көрсөтүлө турган  номинацияда Темир Бирназаровдун – «Түнкү кырсык» тасмасы көрүүчүлөргө тартууланды. Башкы сынакта Елизавета Стишованын «Сулайман тоо» картинасы көрсөтүлдү.

Акыркы картинанын окуясы Кыргызстандын Ош шаарында өрчүгөн. Ал жерде жашоочулар үчүн ыйык Сулайман Тоо бар. Улук аттуу бала кыйынчылыкка туш болгон  өзүнүн үй-бүлөсүнө ушул жерден бакыт тилейт.

Тасма продюсеринин айтымында, «Сулайман Тоо» - Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Польша жана Румыния сыяктуу 5 өлкөнүн ийгиликтүү өнөктөштүгүнүн натыйжасы.

ЕЛЕНА ЯЦУРА,  «СУЛАЙМАН  ТОО» ТАСМАСЫНЫН ПРОДЮСЕРИ:

- Сюжеттин желеси бир улуу аял, жаш кыз  жана 1 эркектин айланасында өрчүйт. Ал экөө бир эркектин жүрөгүн багындыруу үчүн жол издешет. Бул атаандаштыкта бардык айла-амалдар колдонулат. Мындай тасманы көрүүчүлөр өзгөчө ырахат менен көрүшөт.

 «Стойкость» аттуу психологиялык драманы Өзбекстан сунуштады. Тасма республиканын көз карандысыздыкка кол жеткирүүсү тууралуу. Ошондой эле, мурунку интернационал жоокердин кыйын тагдыры камтылган. Башкы ролду Карим Мирходиев аткарат.

КАРИМ МИРХОДИЕВ,  КИНО АКТЁР /ӨЗБЕКСТАН:

Сценарийди окуган кезде мага тема дароо жакты. Ал 80-жылдардын аягындагы Ооганстандагы согуш тууралуу. Картина 3 дос тууралуу, өзүнүн милдетин абийир менен аткарып, өмүрдөн өткөн адам жөнүндө.

Жаркын жана кайталангыс. Олуттуу кинофестивалдын алкагында аймак өлкөлөрү сунуштаган картиналар анын бай тарыхы менен маданиятын гана эмес, Борбор Азия кинематографиясынын жигердүү өнүгүүсүн көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии