Күлүгүн таптап, ат жалында ойногон чабандестер, көзгө атаар мергендер, жоо жүрөк баатырлар, алгыр куштарды таптаган мүнүшкөрлөр, колунан көөрү төгүлгөн чеберлер. Астана көчмөндөр маданиятынын ааламына айланды. Бул жерге келгендер орто кылым дооруна туш болуп калгандай сезимге бөлөнүштү. Бул салтанаттуу эл аралык этнофестивалдын катышуучулары Астананын 20 жылдык мааракесине ушундай өзгөчө тартуу жасашты.

АНДРАШ БЮРО, АНТРОПОЛОГ / ВЕНГРИЯ:

- Саламатсыздарбы, урматтуу казактар, урматтуу туугандар. Биз Мажарстандан келдик. Астана шаарынын 20 жылдыгы куттуу болсун. Мажарстандан, мажар элинин атынан жалындуу салам.

Ар бир каалаган адам Улуу талаанын көчмөндүү маданиятына аралаша алды. Ар кайсы мамлекеттердин өкүлдөрү өз боз үйлөрүн тигишип, байыркы каада-салттарын көрсөтүштү. Ал эми, согуш майданында талаа жоокерлери байыркы салгылашууну жандандырышты. Импровизацияланган жети айылда жаа атуу, ат чабуу, кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин көрүүгө мүмкүнчүлүк болду.

ДАНИЭЛЬ СЕРЖАН УУЛУ, УЮШТУРУУЧУ:

- Бул фествиваль дүйнөгө белгилүү болгон Гунн-түрк элдеринин курултайы аталышында Мажарстанда да өтүп жатат. Ал жылына 250 миң адамды чогултат. Быйылкы иш-чара өтө жоопкерчиликтүү, фестивалдын аркасынан көптөгөн туристтердин кызыгуусу өсөт. Дал ушул максатта «КазахТуризм» компаниясы «QazaqGeography» (казак джиОграфи) менен келишимге кол коюшту.

Көрүүчүлөрдүн көңүлүн көчмөндөрдүн тарыхый эпостору бурду. Алардын катарында болгар баатырларын сактап калган сыйкырдуу феялар, Осмон империясынын сепилинин басып алынышы бар. Ошондой эле бул жерде «Казак күрөшү», «Аркан тартыш», «Чүкө атуу» жана башка көчмөндөрдүн улуттук оюндары боюнча жарыштар өткөрүлдү.

АНАР ШАЙЫМКУЛОВА, КАТЫШУУЧУ /КЫРГЫЗСТАН:

- Көчмөн дүйнөсү казак жана кыргыз элдерине ар дайым жакын. Себеби, бул биздин жалпы байыркы тарыхыбыз. Казактар да, кыргыздар да жаа атып, аңчылык менен жан багышкан. Биз Кыргызстандын эң мыкты жаачылары менен улуттук ансамблдерди алып келдик.

РАЙЧО ГЕНЧЕВ, КАТЫШУУЧУ /БОЛГАРИЯ:

- Биз Европага багыт алган байыркы көчмөндөрдүн урпагыбыз. Биринчи тайпа Дулусо (Dulo) уруусун уланткандар болгон. Хан Кубрат ушул жерде болгон, бул жерден өткөн. Анын уулу Аспарух Дунай аркылуу өтүп, Болгарияны негиздеген. Азыркы учурда биз Европадабыз, бирок ушул жерден атчан өткөнүбүздү эсте сактайбыз.

Жүздөй катышуучу борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн унутулгус майрамдык иш-чара тартуулашты. Көздүн жоосун алган фестиваль 2 күнгө созулуп, эң мыкты концерттик программа менен жыйынтыкталды.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии