Музыкант Сянь Синхай жөнүндө казак-кытай тасмасы

Казакстан менен Кытай алгачкы биргелешкен тасма тартышты. Эки өлкөнүн кино мыктылары тарткан «Композитор» аттуу картина белгилүү  ырчы Сянь Синхайдын өмүр-чыгармачылыгы тууралуу баяндалат. 500дөн ашуун ыр менен обондун авторунун согуш жылдарындагы өмүрү Казакстанда өткөн. Ал бул жактан кесиптеши Бахытжан Байкадамов менен жолукккан.

БАХЫТЖАН БАЙКАДАМОВДУН КЫЗЫ:

- Менин атам 1943-жылы капысынан музыкант жана скрипачканы жолуктурат. Чемоданда олтурган адамдардын кейпинен бараар жери жок экенин байкайт. Ошондо атам ага казакча, кийин орус тилинде тил катат. Бирок, ал такыр түшүнбөй англис жана француз тилдеринде жооп берет. Атам ал мезгилде англис, француз тилдерин билчү эмес. Бири-бирин түшүнүшпөсө да аларга жардам керек экенин туят. Ошондо ал тиги бей тааныштарга жардам колун сунуп, үйгө ээрчитип келет.

Тасма эки бирдей улуу музыканттардын жолугушкан тагдыры менен достугун баяндайт. Алар бири-бирин ар качан колдоп, каардуу согуш жылдарында бардык кыйынчылыктарды бирге көтөрүшөт.

ХУ ЦЗЮНЬ, СЯНЬ СИНХАЙ РОЛУН АТКАРУУЧУ АКТЁР:

- Бул тасма чыныгы достуктун жарчысы болору шексиз. Өнөр менен музыкада табышкан эки таланттын өмүрдө да ишенимдүү өнөктөшкө айланганын чагылдырат. Согуш жылдарын бирге өткөргөн мезгилдери жүрөктү козгойт.

ЮАНЬ ЦЮАНЬ, СЯНЬ СИНХАЙДЫН АЯЛЫНЫН РОЛУН АТКАРУУЧУ АКТРИСА:

- Музыка менен кино бул биздин ички жан дүйнөбүздүн терезесине айланган керемет өнөр. Сянь Синхай өз чыгармаларында жазып калтырган сүйүү, достук менен үмүт сезимдерин ушул тасмада ачууга аракет кылабыз.

Бул эмгекти тартуу үчүн эки жыл даярдык болгон. Ушул мезгил аралыгында  уюштуруучулар Яньан, Алматы, Санкт-Петербург сыяктуу башка да шаарлардан обончунун өмүр таржымалы боюнча маалыматтарды чогултушкан.

ШЭНЬ ЦЗЯНЬ, «КОМПОЗИТОР» ТАСМАСЫНЫН ПРОДЮСЕРИ:

- Кытайлык композиторго Казакстанда көрсөтүлгөн жардам эки өлкө элдеринин бири-бирине болгон жылуу сезимдеринин белгиси. Бул өлкөлөрүбүздүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарыбыздын бекемделишине негиз болгон. Ошондуктан урпактарыбызга үлгү боло турган достуктун касиетин баалай билишибиз керек. Ушунун аркасында тарапташтардын өз ара соода-экономикалык жана маданий өнөктөштүгүнүн мүмкүнчүлүктөрүн болушунча керекке жаратып, элдин жыргалчылыгына пайдалануу керек.

Ошондуктан тасманын мыкты деңгээлде тартылышына эки өлкө тең терең маани берип жатышат. Казакстандын маданият министрлик өкүлдөрү тасма Кытай менен кызматташтыктын мындан да бекемделишине таасир берерине ишенишет.  «Композитор» тасмасы үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында жарыкка чыгат деп күтүлүүдө.