Астанада ІІІ эл аралык салттуу бий фестивалы өттү

Ачык асман алдындагы бий. Астанада ІІІ эл аралык салттуу бий фестивалы өттү. Иш-чарага катышкандардын саны жыл сайын өсүүдө, дейт уюштуруучулар. Быйыл фестивалга Түркия, Алтай облусу, Башкортостан, Македония сыяктуу өлкөлөрдүн жана Казакстандын өнөрпоздору катышты. Шаардык аянтка чогулгандар бий жамааттары менен жеке солисттердин өнөрүнө күбө болушту.

ШКЕЛЬКИМ БАЙРАМИ, СЫНАКТЫН КАТЫШУУЧУСУ/ МАКЕДОНИЯ:

- Мен Македониядан келдим. Бул фестивалда Албания улуттук бийин сунуштадым. «Шашу» Фестке жана Астанага бул менин биринчи сапарым. Жаңы гана сахнага чыккан казак бийчилерин көрүп суктанганымды жашыра албай турам.

НУРБОЛ БАЛАПАНОВ, КОНЦЕРТ УЮШТУРУУЧУ БӨЛҮМҮНҮН КООРДИНАТОРУ:

- Былтыр республика боюнча 2 жана чет мамлекеттеги 2 гана жамаатты кабыл алган элек. Бул жылы фестиваль эрежесин бир топ өзгөрттүк. Фестивалды олуттуураак өткөзүү үчүн бир нече уюмдарды дагы фестивалдын курамына коштук.