Жюльет Биноштон мастер класс

Жюльет Бинош казакстандыктар менен актёрдук чеберчилик сырларынан бөлүштү. Дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыз Астанада мастер-класстарды өткөрүп, өз тажрыйбалары туурасында айтып берди. Чыгармачылык ааламына, каармандардын өмүрүнө кирүү жана режиссёрдун көз карашын кандай түшүнүүгө болот? Франциялык актриса кесиптештери менен күйөрмандардын суроолорун болушунча толук камтууга аракет кылды. Жылдыздын айтымында, ал өз ишинде көптөгөн ыкмаларды колдонот.

ЖЮЛЬЕТ БИНОШ, АКТРИСА:

– Кээде мен алдыма өзүм такыр даяр болбогон милдеттерди коём. Кинодогу диалогдорду толук изилдебей, кинодо калкып жүргөндөй абалда болом. Мага иштеген абдан жагат. Роль менен жалпы тасма мага эмне бере алат деп изилдейм. Актриса катары тасманын, пъессанын өнүгүшүн караймын. Окуянын кайсы жерде жанданып, эң жогорку даражага жеткен чеги кызыктуу. Ошондуктан мен эмне болуп жатканын ар дайым эле биле бербейм. Кээ бир режиссёрлор бул нерсени жактыра беришпейт. Аларга актёрду болгону курал катары пайдаланган жагат.

Белгилей кетсек, кино жылдыз Казакстанга «Астана» бүткүл дүйнөлүк театр фестивалына катышуу үчүн келген. Программа алкагында Жюльет Бинош казак акыны Касым Аманжоловдун ыры менен белгилүү франциялык ырчы Барбаранын өмүр баянынан повесттерди окуду. Актрисанын айтымында, аны Астананын футуристтик стилдеги архитектурасы таң калтырган. Жюльет Бинош казактын бай маданияты менен таанышуу үчүн Казакстанга кайра келүүнү убада кылды.