Астанада XIV «Евразия» эл аралык кинофестивалы башталды

Астанада  «Евразия» эл аралык кинофестивалы башталды. Аталган иш-чара жыл сайын ондогон эл аралык жана казакстандык жылдыздарды чогултат. 14-фестивалдын негизги жылдыздарынын катарында белгилүү кинорежиссёр Эмир Кустурица жана таанымал француз актёру Венсан Кассель бар. Ошондой эле 71-Канн кинофестивалынын “Мыкты актриса” наамынын ээси Самал Еслямова келди. Казакстандын борборуна орусиялык актёрлор, Европа, Азия, Африка, Американын белгилүү кино тармагынын жылдыздары, таанымал маданият өкүлдөрү, серепчилери жана сынчылары келишти

АЙМАН МУСАХАДЖАЕВА, «ЕВРАЗИЯ» КИНОФЕСТИВАЛЫНЫН  ПРЕЗИДЕНТИ:

- Аны менен бирге Моника Белучи менен бирге иштешкен Габриэлла Кристиани да бар. Цзянь Сяо Сюэ - Кытайда гана белгилүү эмес, ал дүйнө жүзү боюнча калыстар тобунун төрагасы. Ошондой эле, биздин студенттер билим алып жаткан Нью-Йорк кино Академиясынын мүдүрлөрү келишти. Мунун баары карым-катнаш алкагын ич ара байытып, кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кинофестиваль 7 күнгө созулат. Негизинен сынакка 12 толук метраждуу жана 35 кыскаметраждуу картиналар сунушталган. Быйылкы жылкы кинофестивалдын расмий бөлүгү 8 секциядан турат. Аны менен катар, «Евразия» фестивалдын уюштуруучулары сынактан башка да программаларды даярдашкан. Бул биринчиден түрк тилдүү мамлекеттер менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн 10 панорама тасмаларын, ошондой эле тогуз жаңы казакстандык тасмалар жана Берлин, Канн, Венеция, Санденса, Москва эл аралык кинофестивалдарынын А категориясындагы 11 толук метраждуу байгелүү тасмалар көрсөтүлөт.

АЙМАН МУСАХАДЖАЕВА, «ЕВРАЗИЯ» КИНОФЕСТИВАЛЫНЫН  ПРЕЗИДЕНТИ:

- Өтө көп тасмалар сунушталып, 1000ден ашууну каралып чыкты. Бизге 350 катышуучу менен конок келди. Аны менен катар, Парамаунт Пикчерс, Голливуд, Болливуд сыяктуу кинофестивалдардын мүдүрлөрү да келишти. Анын ичинде Пусан, Канн фестивалдарына катышкандар бар. Торонто фестивалы менен көптөгөн кино дүйнөсүнө белгилүү, атактуу калыстар  тобунун мүчөлөрү да бар.