Нидерландыдан Астанага белек

Астананын төрүндө Нидерландынын бир бөлүгү пайда болду. Борбор калаада дагы бир өзгөчө арт-объект жаралды. Борбордук сейил бакта жоогазындан жасалган отургучтар орнотулду. Бул Астананын 20 жылдыгына карата тартууланган Нидерланды Королдугунун белеги. Тургундардын айтымында, арт-объекттер шаардын табият көрүнүшү менен айкалышат жана колдонууга да ыңгайлуу.

АСЕЛЬ ТОКТАСЫН КЫЗЫ,  АСТАНА  ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Мен ушул жерде, Астанада жашайм, күндө ушул сейил бакта сейилдейм. Бул креслолор абдан ыңгайлуу. Күн чыгып турганда аларды ачуу жана жамгыр жаап жатканда жабуу өтө оңой. Алар суу болбойт.

Белгилүү голландиялык чебер Марко Мандерстин эмгеги кайра иштетүүгө жарамдуу экологиялык материалдардан даярдалган. Баардыгы 25 отургуч эки өлкө ортосундагы чейрек кылымдык кызматташтыкты билдирет, дейт долбоор авторлору.

НОРА ДЕССИНГ, КАЗАКСТАНДАГЫ НИДЕРЛАНДЫ КОРОЛДУГУ ЭЛЧИСИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Жоогазындын ата мекени Казакстан экени белгилүү. Илгери Түркия аркылуу ар түрдүү жолдор менен өсүмдүк уругу биздин өлкөбүзгө жеткирилген. Ал бизде өнүктүрүлүп, өлкө салтына сиңип, Нидерландынын улуттук символуна айланган. Бул эки өлкө ортосундагы карым-катнашка негиз салган достук гүлү деп айтууга болот.

Дал ушундай арт-объекттер дүйнөнүн ири шаарларындагы сейил бактарда жана көчөлөрүндө орнотулган.