Казакстанда байланыш жана маалымат кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти. Аталган окуяны утурлай өлкөдө мыкты журналисттерди сыйлоо аземи болуп өттү. Бул ирет тогузунчу жолу өткөрүлүп жаткан «Нур Сункар» республикалык сынагына 200дөн ашуун журналист өз эмгектерин калыстардын сынына коюшту. Жалпы 800дөн ашуун материал каралды. 10 номинациянын биринчи – «Мыкты телевизиондук журналист – Эл үнү» сыйлыгын КР маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев тапшырды.

ТИМУР КАЗАГУЛОВ,  “КӨЗ КАРАШ”- “МЫКТЫ ТЕЛЕВИЗИОНДУК ЖУРНАЛИСТ” НОМИНАЦИЯСЫНЫН ЖЕҢИЧҮҮСҮ:

- Мен өз материалыма ишенгем. Себеби, долбоорду өз мойнума алып, чын дилимден жасагам. Өлкө башчыбыз баштаган партия аймактардагы, алыс жактардагы, чакан шаарлардагы журналисттерге  көңүл буруп, ушундай сынактарды өткөрүп жаткандыгы кубандырат. Бул мындан да жакшы иштөөгө, жаңы бийиктиктерди багындырууга шык берет.

“Мыкты гезит журналисти”, “Мыкты интернет-басмасынын журналисти”, “Жаңы партиялык долбоорлор боюнча мыкты материал” сыяктуу сыйлыктар да өз ээлерин тапты. Сынакта “Нур Отан” партиясынан үч атайын сыйлык каралып, аны Президенттин беш демилгесинин ишке ашуусун чагылдырган материалдардын авторлору жеңип алышты.

МАУЛЕН АШИМБАЕВ – “НУР ОТАН” ПАРТИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Баарыбызга белгилүү болгондой эле Казакстан Президенти өлкөбүздүн алдына эң өнүккөн 30 өлкөнүн катарына кошуу боюнча ааламдык милдетти койгон. Бул милдеттердин ишке ашуусуна ММК өкүлдөрү түздөн-түз себеп болот. Себеби, журналисттердин жардамысыз өлкө башчысы койгон аталган стратегиялык милдеттерди ишке ашырууда коомчулукту бириктирүү кыйын болот.

Ал эми “Уркер” улуттук сыйлоо аземинде 14 журналист жеңүүчү аталашты. Бул иш-чара “Казак” гезитинин 105 жылдыгына арналганын белгилеп кетүү абзел. Андагы жаңычылдык – эки жаңы номинация – “Борбордун 20 жылдыгына арналган эң мыкты материал” жана “Эң мыкты вайн” болду. 

ЕВГЕНИЙ КОЧЕТОВ, «КАЗКОНТЕНТ» АБ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- “Эң мыкты вайнер” номинациясында ат салышкандардын аудиториясы 5 миллион адамды түзөт. Инстаграммда алардын ошончо сандагы катталуучусу бар. Бул өтө чоң аудитория, аларды көңүлдөн сырт калтырып коюу мүмкүн эмес экенин түшүндүк. Бүгүн алар кызыл килемден өткөндөрдүн катарын толукташты.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии