Домбра менен жалаң күү, терме эле эмес, дүйнөлүк хиттерди да жогорку деңгээлде аткарууга болот. Буга ата мекендик «Made in KZ» группасынын чыгармачылыгы күбө.

Калың журтка белгилүү эл аралык жана Казакстандык хиттерди казак  домбрасы менен аткаруу идеясы Бауыржан Итекеевге 3 жыл мурун келген. «Made in KZ» тобунун жетекчиси өзүнүн долбоору менен Казакстанда эле эмес, чет өлкөгө да тааныла баштады. Жаш таланттар кулакка жатталып калган ноталарды мыкты үн менен аткарып, угуучуларды таң калтыруудан тажашпайт. Жакында эле алар куржунуна "Отель Калифорния" композициясынын кавэр-нускасын кошушту.

Заманбап домбрачылар Казакстандын бир нече шаары менен катар, Түркия, Орусия, Малайзия, Сингапур, АКШ, Финляндия өлкөлөрүндө болушкан.

БАУЫРЖАН ИТИКЕЕВ, "MADE IN KZ" ТОБУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Домбрада 7 нотанын баары бар. Көп адамдар: «Эки кылдуу музыкалык аспапта кантип ушундай обондорду ойноо мүмкүн» - деп таң калып жатышат.

Анын аспабындагы башкы айырмачылык электрондуу үн чыгаргычтары. Ошол аркылуу сапаттуу жана таза үн чыгаруу мүмкүнчүлүгү жаралат.

АСЛАН НУГЫМАНОВ, ДОМБРАЧЫ:

- Топтун бирден-бир максаты – казактын домбрасын жайылтуу. Чет өлкөлүктөр көрүп, ушундай аспап бар экенин билишип, үйрөнүүнү каалашса жакшы эмеспи.

"Made in KZ" долбоорунун аркасында казак элинин улуттук аспабы - домбра интернет айдыңында кеңири жайылууда. Жакынкы арада топ орусиялык аткаруучу менен автордук композицияга дуэт жазып, жаңы видеолорду тартуулашат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии