"Астана - Улуу талаанын бермети". Орусиянын Астрахань шаарындагы фото көргөзмө көпчүлүктүн назарына ушундай аталышта тартууланды. Астананын 20 жылдыгына арналган көргөзмөдө шаардын уникалдуу курулуштарын чагылдырган 60тан ашуун фото-сүрөт коюлду. Алардын катарын борбордун символу болгон – «Байтерек», дүйнөнүн эң алдыңкы 10 эң кооз президент сарайларынын катарына кирген - Акордо, Гиннес рекорддор китебине кирген - «Хан Чатыр», Пирамида жана башка курулуштар толуктайт.

ЕЛЕНА ЗАБИРНИК, ШААР ТУРГУНУ:

- Сөз жок, эң мыкты! Ар бир имарат архитектуралык жаңы чечим тууралуу бири-бирин толуктап тургандай элес калтырат экен. Мага Хан Чатырдын түзүлүшү абдан жакты. Буюруп калса, сөзсүз түрдө барып көрүп келем.

Көргөзмөгө Эл башы фонду менен Казакстандын Астраханьдагы консулдугу өзгөчө колдоо көрсөттү. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты – Астананын аброюн көтөрүү аркылуу Казакстандын аз жылда жетишкен ийгиликтерин башкаларга таанытуу.

АЛИЯ КАЙШАРОВА, КР ТУНГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ - ЭЛ БАШЫ ФОНДУНУН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮНҮН КЕҢЕШЧИСИ:

- Биздин Астанабыздын бүгүнкү күндө кандай жаркырап тургандыгын дүйнө билет. Борборубуздун кандай даражага жеткендигин көрүп таң калышат.

Көргөзмөнү көрүүгө келгендердин катары калың. Салтанаттуу иш-чараны ачкан Астрахань губернатору казакстандыктарды Астананын 20 жылдык мааракеси менен куттуктады.

АЛЕКСАНДР ЖИЛКИН, АСТРАХАНЬ ОБЛУСУНУН ГУБЕРНАТОРУ:

- Борбор калаа заманбап ой менен  технологиянын жемиши экени анык. Айрыкча, шаардын кире беришиндеги «Астрахань» району биздин көңүлүбүзгө жылуулук менен сыймыктануу тартуулады. Себеби, ал бизди Казакстан менен байланыштыра турган дагы бир алтын көпүрө.

Астрахань облусунда 150 миңден ашуун казакстандык жашайт. Белгилей кетсек, көргөзмө буга чейин Орусиянын Санкт-Петербург, Москва шаарында көрсөтүлгөн. Эми ал Астраханда 2 жума болуп, Казань шаарына багыт алат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии