«Шабдалы гүлүн жактырам». Астанада ушундай аталыштагы спектаклди Пекин эл аралык театры тартуулады. Аталган көрүнүш белгилүү кытай жазуучусу Цзоу Цзинчжи чыгармасынын негизинде сахналаштырылган. Спектаклдын режиссёру Рэн Мин. 2003-жылдан баштап коюла баштаган сахна оюну 275 жолу көрүүчүлөргө тартууланган жана Япония, Италия, Румыния фестивалдарында көрсөтүлгөн. Өз өлкөсүндө жана чет өлкөдө жогорку деңгээлде кабыл алынгандыктан, аталган спектакль Кытай драмасында жогорку атактуулукка жеткен. 1952-жылы негизделген театр реализм жана улуттук жүйөөлөрдү айкалыштырган кайталангыс  стили менен өзгөчөлөнүп турат.

ЦЗЮЙ СЯPПЭН, АКТЁР /КЭР: 

- Спектаклде мен жашоодон ырахат алууну жана анын бүт артыкчылыктарын көрүүнү каалаган адамдын ролун аткарам. Жашоодо такыр башкамын. Мындай жеңил-желпи жашоону жактырбайм. Аталган иш-чарага «Бир кур-бир жол» программасынын алкагында келгенибизди белгилеп кетким келет.

У ЮЙ, АКТРИСА /КЭР:

- Мен казак элин меймандос, ачык мүнөз жана көңүлдүү эл катары билем. Мен үчүн ушул жерде өз өнөрүмдү тартуулоо сыймык. Себеби, биздин эл абдан жакын, Кытайда көптөгөн казак өмүр сүрөт. Бул жакка келгениме абдан кубанычтамын. Биз ыр-бийди жакшы көргөнүбүз менен окшошуп кетебиз.

II «Астана» Эл аралык театр фестивалы Астана күнүн белгилөө алкагында өттү. Бул жылы аталган фестиваль 13 мамлекеттин жамааттарынын башын бириктирди. Көрүүчүлөрдүн назарына дүйнөдөгү эң мыкты 18 спектакль сунушталды. Фестиваль Европа жана Азиянын  профессионалдык театрларынын мыкты чыгармаларын көрсөтө турган аянттан сырткары,  башка мамлекеттин маданияты менен таанышууга да мүмкүнчүлүк түздү.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии