Оралдык Едиге Набиев казактын белгилүү күүчүлөрүнүн домбраларынын көчүрмөлөрүн жасайт

Оралдык Едиге Набиев казактын белгилүү күүчүлөрү черткен домбралардын көчүрмөлөрүн жасоо менен алектенет. Ал акыркы 6 жылда 200дөн ашуун аспапка жан киргизди. Алардын катарында белгилүү Абай менен Махамбеттин, атактуу күүчү Курмангазынын домбралары бар. Бул аспаптарды театр артисттери сахна оюндарында пайдаланып жүрүшөт. Едиге Набиев республикалык сынактардын бир нече жолку жеңичүүсү.

ЕДИГЕ НАБИЕВ, КҮҮЧҮ, ДОМБРА ЖАСООЧУ УСТА:

- Капкагында лагы жок домбралардын добушу өтө коңур болуп чыгат. Анын кылын жасоого нукура материалдар колдонулат. Илгери жаныбарлардын ичегиси пайдаланылган.  Азыр ал лескага алмашкан. Лескалар флюрокарбон же нейлондон жасалат. Бирок, алардын сапаттуусун гана алабыз.

МИРБОЛАТ ЕРСАЕВ, БКО ТАРЫХ-ӨЛКӨ ТААНУУ МУЗЕЙИНИН МҮДҮРҮ:

- Курмангазы атындагы маданий борбордо күүчү өзү ойногон домбра бар. Ошол домбраны биздин облуска алып келип, көчүрмөсүн жасаса болобу дегенде, Едиге дароо жасоого киришти. Едиге Набиев бул домбраны өзү бир жылдын ичинде жасап чыкты.

Ал эми Костанай облусунда бармактын ордуна зым байлап, эки ичегиге тил киргизген инсан жасайт. Күүчү Айтбай Муздаханов жүрөк үнүн ыйык аспап менен жеткизип, элге жүздөгөн чыгармаларды тартуулаган. Бүгүнкү күндө өнөр ээсинин жетимиштен ашуун күүсү, кырктан ашуун ыры бар. «Бабалар үнү» жыйнагынын автору. Айтбай Муздахановду жердештери кездешүүлөргө ар дайым чакырышат. Ал жаш муун менен жолугуп, улуттук өнөр тууралуу баяндап берүүдөн тажабайт.

АЙТБАЙ МУЗДАХАНОВ, КҮҮЧҮ:

- Домбра казакта ыйык саналат. Ар бир үйдүн төрүндө турушу керек. Кадыр Мырзалиев деген аталардын сөзү бар: «Чыныгы казак казак эмес, чыныгы казак – домбра», деген.

Белгилей кетсек, Эл башынын жарлыгы менен теке айынын биринчи жекшембиси улуттук домбра күнү деп белгиленди. Бул иш-чаранын максаты – улуттук аспаптын аброюн жогорулатуу болуп эсептелет.