Түркестан облусунун Астанадагы маданий күндөрү

«Түркестан – түрк дүйнөсүнүн бешиги». Ушундай аталыштагы Түркестан облусунун алгачкы концерти Астанадагы энтоайылда өттү. Маданий карым-катнашты даңазалаган олуттуу иш-чара Астананын 20 жылдыгына жана Чымкенттин республикалык деңгээлдеги шаар макамын алганына арналды. «Ыр менен күү Астананы жаңыртат» аттуу обондуу программаны тартуулаган «Этноайыл» аянтында Шамши Калдаяковдун ырлары жаңырды. Ошондой эле, кечтин көркүн КР эмгек сиңирген артисти Сабира Абраимова, эл аралык, республикалык кароо-сынактарынын лауреаты Алден Жаксыбеков, «Казына», «Тумар» фольклордук ансамблдери концертке көрк кошту.

АСЫЛХАН ТЕМИРХАН УУЛУ, ТҮРКЕСТАН ОБЛУСУНУН МАДАНИЯТ ЖАНА ТИЛДЕРИН ӨНҮКТҮРҮҮ БАШКАРМАСЫНЫН ӨКҮЛҮ:

 - Жалпы Астана шаарынын 20 жылдыгына гана эмес, өлкө башчыбыздын «келечекке багыт руханий жаңыруу» макаласынын алкагында да бир катар иш-чара уюштуруп жатабыз.

АКЖАНЫЛ ИСАТАЙ, АСТАНА ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Концерт мага абдан жакты. Конгресс-холлдогу да, Борбордук концерт залынадагы да концертке бардым. Ал жерде мыкты көргөзмө болду, түштүктүн сүрөттөрү, кийимдери ажайып экен. Баарыбыз көрүп, кубанып жатабыз.