«Европа менен Азиянын кесилишинде». Астананын 20 жылдыгын утурлай, Нью-Йорктогу Улуттук өнөр клубунун галлереясында ачылган көргөзмө ушундай аталат. Көргөзмөдө Абилхан Кастеев атындагы Мамлекеттик өнөр музейинин коллекциясындагы ХХ кылымдын берметтери сунушталды. Казак кол өнөрчүлөрүнүн колунан чыккан чыгармалар америкалыктарды көчмөндөрдүн маданияты, тарыхы, салт-санаасы менен тааныштырды. Кошмо штаттарга атайын алып келинген ар бир экспонаттын тарыхы, баасы жогору. Бул мурастар Казакстандын маданий мурастарынын зор байлыгын жана казак элинин салт-санаасын чагылдырат. Экспозицияны тунгуч сүрөтчүлөрдүн бир Аилхан Кастеев чыгармалары ачат. Алардын катарында «Бүркүт кармаган аңчы», «Колхоздордун сүт фермасы», «Эл акыны Жамбылдын портрети» жана башка эмгектер бар. Николай Хлудовдун «Бука үстүндөгү бала», Ольга Кужеленконун «Казак эл артиси Роза Багланованын портрети», Мария Лизогубдун «Эл чебери» жана башка чыгармалар казакстандык живопистин өнүгүшүнө, мурунку Кеңеш биримдигине ар кайсы аймактардан келген сүрөтчүлөрдүн эмгектери баа жеткис салым кошкондугун далилдейт.

КЛАРА ИСАБАЕВА, А.ҚАСТЕЕВ АТЫНДАГЫ ӨНӨР МУЗЕЙИНИН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Көргөзмө өткөн кылымдын 30-70-жылдар аралыгындагы казак живопись мектебинин мыкты сүрөтчүлөрүн тартуулайт.

МАРИНА КОВАЛЕВА, ОРУСИЯ-АМЕРИКА ФОНДУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казакстанды куттуктаймын жана Казакстан Республикасынын Маданият министрлигинин колдоосу жана Орус-Америкалык фонду менен биргелешип, АКШнын Улуттук өнөр коомчулугунда, алгачкы жолу Астанын түзүлгөнүнө 20 жыл толгонуна карай А.Кастеев атындагы музей казынасынын көргөзмөсү ачылганына кубанычтамын. Бул көргөзмөнү жүздөгөн Нью-Йорк тургундары көрө алышат.

Ошондой эле, көргөзмөдө Жанатай Шарденовдун «Медеуге жол», Турсун Абуовдун «Домбра тарткан натюрморт» жана Гани Баяновдун «Кеч» чыгармалары сунушталды. Бул экпозиция – ар бир жеке алынган картина менен бардык жыйынтыгы Азиянын жүрөгүндө жайгашкан өлкөнүн өзгөчөлүгүн сыпаттайт. Казакстан тарыхын, анын элин, табияты менен салтынын рухун чагылдырат.

РАЯН ДЖОН КОХ, НЬЮ-ЙОРКТОГУ ХРИСТИАН ЧИРКӨӨ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Мен Борбор Азияда бир аз убакыт өткөрдүм жана сиздердин аймакты жакшы көрөм. Бул көргөзмө кооз өлкөңүздөргө  жана маданий эстеликтериңизге жетеледи.

МИХАЭЛЬ МИЛЛЕР, НЬЮ-ЙОРКТОГУ ЕВРЕЙЛИК КООМЧУЛУГУНУН ЖАЛПЫ ИШТЕРИ БОЮНЧА КЕҢЕШМЕНИН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Дал ушундай көргөзмөлөр Казакстан менен АКШнын ортосундагы достук көпүрөсүн түзөт. Бүгүн көрүп жаткан казактын керемет чыгармалары бизди жакындатат.

Нью-Йорктогу көргөзмө теке айынын 15не чейин уланат. Америкалык өнөр сүйгөн коому казак элинин тарыхы, ошондой эле ата мекендик сүрөт чеберлеринин жыйнагынын мыкты эмгектери менен жакыныраак таанышууга мүмкүнчүлүк берген маанилүү маданий иш-чара болот.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии