Казак домбрасынын тарыхы бир жарым миң жылды түзөт. Аталган ыйык музыкалык аспаптарды Павлодардагы музейдин көргөзмөсүнөн көрсө болот. Бул көргөзмөдө белгилүү күүчүлөр Иртыш боюнда ойногон уникалдуу экспонаттар бар. Алардын катарында эң байыркы домбра да орун алган. Ал качан жасалганы белгисиз. Анын Монголиялык Алтай аймагындагы үңкүрдөн табылганы гана белгилүү. Окумуштуулардын айтымында, анын жаралган жылы биздин доордун 5-кылымы.  Аспапта «Музыка бизди сүйүү акыбалына алып барат» деген рун жазуусы бар.

ЕРБОЛ КАЙЫРОВ, БУХАР ЖЫРАУ АТЫНДАГЫ АДАБИЯТ ЖАНА ӨНОР МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Эгер бул сөздөрдүн маанисине ой чаптырсак, домбра канчалык байыркы аспап экененин түшүнөбүз. Аспаптын тарыхы түрк элдеринин жаралышынан башталат. Домбранын жардамы менен  казактар өз тарыхын, салт-санаасын жана үрп-адаттарын муундан-муунга өткөрүп келишкен.

Улуттук чебер Бауржан Барлыков 30 жылдан бери домбра жасоо менен алектенип келет. Чебер музыкалык мектептер менен тыгыз иштешет. Кол өнөрчү жасаган домбралардын жардамы менен мыкты акын, күүчүлөр жетилип чыгышты. Чебердин айтымында, улуттук аспапка болгон кызыгуу өсүүдө.

БАУРЖАН БАРЛЫКОВ, КОЛ ӨНӨРЧҮ:

- Мага көбүнчө музыкалык мектептердин мугалимдери буйрутма беришет. Акыркы учурда менин эмгектерим Астанага жөнөтүлүүдө. Ал жерде улуттук аспапка болгон суроо-талап жогорулап жатат.

Домбраны улуттун бренди деп кесе айтса болот. Ал узак жылдар бою ишенимдүү жол көрсөткүч болуп келе жатат. Азыркы күндө бул улуттук аспап кеңири атактуулукка ээ болууда. Ушул жылдан тарта кулжа айынын биринчи жекшембиси улуттук домбра күнү катары белгиленет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии