Алтын көпүрө курулушу

Дүйнөдөгү ар бир шаардын  визиткасы - шаардык архитектура объектиси. Мындан Астанада да кур эмес. Казакстандын борбору уникалдуу маданий жана турак-үй имараттары менен таанымал. Көпүрөлөр заманбап мегаполистин пайда болушунда маанилүү ролду аткарат. Алар шаардын оң жана сол жээктерин бириктирет. Көп узабай Астанада дагы бир ушундай объект салынат. Бул «Жибек жолунун алтын көпүрө» комплекси. Ал шаар акимдеринин ааламдык саммитине атайын салынат. Эл аралык иш-чара теке айынын башында Астанада өтөт. Алтын көпүрө – белгилүү кытай архитектору Шу Юндун долбоору. Курулуштун башкы элементи 20 миң янтардык кышы болот.

ЖАНЕТТА ЕСКЕНОВА, ЖИБЕК ЖОЛУ ШААРЛАРЫНЫН МЭРЛЕРИНИН ААЛАМДЫК ФОРУМУНУН УЮШТУРУУЧСУ:

- Сүрөтчү Шу Юндун  идеясы «Бир кур-бир жол» долбоорунун ишке ашыруулусунан таасир алды. Ошондуктан ал бардык улуттардын биригүүсүн дал ушул көпүрө кыштары аркылуу чагылдырууну чечти. Улуу Жибек жолу көпүрөсүнүн жээгиндеги ар бир кышка белгилүү бир өлкөнүн объектисине сыпатташ бир гүл коюлат. Алардын жалпы саны – 53, Жибек жолу өлкөлөрүнүн 53 ири шаары түшүрүлөт.

Астанада жалпы 17 көпүрө бар. Эң биринчи Есил дарыясынын өтмөгү салынган. Кийинчерек аны бузушуп, заманбап архитектурадагы көпүрө тургузулган.

Бул диагоналдуу арка менен айкалышкан өтмөктү серепчилер Астанадагы эң өзгөчө курулуштардын катарына кошушат.

АРЛАН КАШКИМБАЕВ, «КАЗДОРДОЛБООР» КӨПҮРӨ БӨЛҮМҮНҮН НЕГИЗГИ ИНЖЕНЕРИ:

- Бир дагы көпүрө кайталанган эмес, ар кайсы жерде геология ар башка, бир жерде гидрологиялык өзгөчөлүктөр болот. Ушуга окшош көпүрө жок, эгерде алар жакын турушса да айырмалоого болот.

Астанадагы негизги көпүрөлөр менен жол кесилиштеринен башка, болжол менен 40 чакан жана 4 жөө жүргүнчү жолу бар. Бир аз убакыттан кийин алар бир өтмөккө өсөт. Ал Самал кичи району менен азыр салынып жаткан Амфитеатрды байланыштырат. Бул көпүрө  Атырау облусунун Астанага берген белеги.

ЖАСУЛАН БИСЕМБАЕВ, АТЫРАУ ОБЛУСУНУН АКИМЧИЛИГИНИН ӨКҮЛҮ:

- Астанын 20 жылдыгын майрамдоо алкагында Атырау облусунун атынан шаардын так ортосунан шайтан араба жана жөө жүргүнчү көпүрөсү салынды. Бул объект астаналыктардын эс алуусун өткөрүүгө жакшы орун. Белгилей кетсек объект жергиликтүү бюджет менен демөөрчүлөрдүн эсебинен ишке ашырылды.

2019-жылдын аягына чейин борбордо Есил дарыясы аркылуу жаңы көпүрө салынат, дейт Астана акимчилиги. Ал Казак өлкөсү монументи аянтынан баштап, жигердүү өнүгүп келе жаткан EXPO аймагын байланыштырат. Шаардын башкы планына ылайык, 2030-жылга карай Астанада жалпы 30 көпүрө салуу пландалууда.