«Астана Опера» театрында белгилүү «Турандот» операсынын бет ачары өтөт

Кулжа айынын 22синде «Астана Опера» театрында белгилүү «Турандот» операсынын бет ачары өтөт. Улуу Джакомо Пуччининин артында калтырган акыркы чыгармасы боюнча казакстандык сүрөтчү сценографтар Кытай улуттук опера театры менен бирге олуттуу долбоорду ишке ашырышты. Италиялык композитор бул керемет партитураны 60 жаштан ашкан кезинде жазган. Бул эмгек анын «Богемия», «Тоска» жана «Мадам Баттерфляй» сыяктуу чыгармаларына окшобойт.

АЛАН БӨРҮБАЕВ, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН БАШКЫ ДИРИЖЕРУ, КР ЭМГЕК СИҢИРГЕН ӨНӨР КЫЗМАТКЕРИ:

- Ушул операны жазууга кадам шилтөө үчүн композитор көп жылдар бою изденүүдө болду. Пуччини өзүнөн да, мыкты чыгармаларынан да баш тарта албайт. Мыкты чыгармалары абдан көп. Алардын бардыгы  20-кылымдын тажрыйбасынын негизинде берилген.

Бирдиктүү көрүнүштүн коюучу-режиссеру атактуу италиялык адис Давиде Ливермор. Ал бир кездери Лучано Паворотти, Пласидо Доминго сыяктуу улуу инсандар, башка да көптөгөн белгилүү жана көрүнүктүү артисттер менен иштешкен. Анда бардык режиссерлорго тиешелүү касиет бар.

ДАВИДЕ ЛИВЕРМОР, КОЮУУЧУ-РЕЖИССЕР /ИТАЛИЯ/

- Мен бул көрүнүштүн өзгөчөлүгү менен сырын ачпайм, бирок мыкты сценографияны, жогорку сапат менен  сахнаны белгилеп кетким келет. «Турандот» операсында жогорку деңгээлдеги  жамаат иштеди.  Ушул топто болгонума, «Астана Опера» театры менен иштешкениме кубанычтамын.

«Турандот» операсынын  бет ачарынын коюучу-дирежеру – Алан Бөрүбаев. Ал үчүн Пуччининин мыкты чыгармасын жөн эле аткарып гана койбой, коомдо карама-каршы сезимдер менен үмүттөрдү толук жеткирүү, композитордун уникалдуу чыгармасы үчүн жумшаган оор азаптары менен жан дүйнөнүн кыйынчылыктарын эскерүү да өтө маанилүү.

ЖУПАР ГАБДУЛЛИНА, «ТУРАНДОТ» ПАРТИЯСЫНЫН АТКАРУУЧУСУ, КР ЭМГЕК СИҢИРГЕН ӨНӨР КЫЗМАТКЕРИ:

- «Турандот» менин түшүнүгүмдө, узак жылдар бою баары көргөн  суук жана катаал өлүмгө толгон сулуулук эмес, мен үчүн ал өтө назик, жумшак, аянычтуу каарман.

Операнын сюжети Карло Гоццинин жомоктук драмасы, андан кийин  жарым-жартылай Шиллер тарабынан кайра жазылган. Пуччини ага кошумча драма кошту. Башкы каарман кытайлык ханбийке Турандот өзү менен никелешкиси келген ар бир адамга үч табышмак жашырат, эгер алар туура жооп беришпесе өлүм жазасына буюрат. Сындан аксабай, ханбийкенин суроолоруна туура жооп берген Калаф ханзада өз табышмагын – атын жашырат. Ушундай өзгөчө сюжеттерге толгон  жомок жакшылык менен аяктайт. Сүйүү жеңип чыгат, бирок операда өлүм менен кайгылуу окуяларга да орун берилген.