Магжандын «Чолпону» табылды

Казактын улуу акыны, жазуучусу, публицист Магжан Жумабаевдын уникалдуу жыйнагы табылды. Ал «Чолпон» аттуу алгачкы ыр жыйнагынын түп нускасы. Казак адабиятынын баалуу китеби 1912-жылы Татарстандын Казань шаарында Каримовдордун басмаканасында басып чыгарылган. Тунгуч ырлар жыйнагында Магжан акындын ошол кездеги агартуучулук багытындагы ырлары басылган. Эл арасында кеңири тарап, авторго атак-даңк алып келген «Чолпон» аттуу китеби. Сейрек кездешкен басылма менен Түндүк Казакстандын мамлекеттик архивинен танышууга болот. Аны менен катар, архивде улуу акындын күбөлүгү жана өзүнүн кол тамгасы бар 30га жакын баалуу кагаздары сакталууда.

САУЛЕ МАЛИКОВА, ТҮНДҮК КАЗАКСТАН МАМЛЕКЕТТИК АРХИВИНИН МҮДҮРҮ:

- Бул китеп араб ариби менен казак тилинде жазылган. Анын котормосун бизге ушул Түндүк Казакстан университетинин профессору Заркын Сыздык уулу Тайшыбай которуп берди. Ушул жерде акындын «Жазгы форма», «Туулган жерим Сасыккөл», «Аким Абайга» деген ырлары бар.

Магжан Жумабаевдин китептери орус, татар жана түрк тилдерине которулду. Жакында өзбек тилинде тандалган чыгармалар жыйнагынын бет ачары өтөт. Эскерте кетсек, 2018-жылы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун сунушу менен атактуу казак акыны Магжан Жумабаев жылы деп жарыяланган.