Астананын туулган күнүнө арналган көргөзмө

Астананын документтик жылнаамасы. Казакстан борборунун 20 жылдык мааракесин утурлай «Өлкө төрү – Борбор» көргөзмөсү ачылды. Бул жерде Алатау боорунан  Арка төрүнө көчүрүлгөн  башкы шаардын курулушунан баштап бүгүнкү комплекстүү өнүгүү ыргактарынын сырын ачкан  мамлекеттик мааниге ээ документтер коюлган. Уюштуруучулар андагы ар бир материалдын  баалуу тарыхы бар экенин белгилешет. Мисалы, жаңы шаардын көп жылдык башкы курулуш планы, шаардын атын өзгөртүү менен мамлекеттик мекемелердин көчүн баяндаган расмий кагаздардын көп түрү коюлган. Ошондой эле келгендер башкы шаардын бүгүнкү жарашыктуу келбетине  жетүү жолу менен шаардын бейпил жашоосун чагылдырган фото сүрөттөрдү көрө алышат.

ЖАНГЕЛДИ МАХАШОВ, УЛУТТУК АРХИВ МҮДҮРҮ:

- Биздин бул документтерибиз кылымдар бою сакталат. Келечек урпактарыбызга ушунун барын жеткизүү керек. Алар азыркы гүлдөгөн шаарыбыздын тарыхын билиши шарт. Дүйнөдө мындай бат курулуш болгон эмес. Бул эч жерде тиркелбеген феномен. Улут сыймыгы. Келечекте бул изилдөөчүлөр үчүн мол маалымат базасы болот. Көргөзмө бир айга уланат.