“Казак хандыгы. Алтын так” тарыхый тасмасынын 2-сезону Түштүк Казакстан облусундагы Түлкү баш районунда тартылып жатат.

Тарыхый долбоордун 2-сезону казак хандыгынын эң оор кездерин камтыйт. Окуя Жаныбек, Керейдин Шайбани урпактары менен салгылашуусу, Ак ордонун борбору Сыганактагы так үчүн талаштын тегерегинде өрчүйт.

РҮСТЕМ АБДИРАШ, РЕЖИССЕР:

- Биринчи сезон менен салыштырганда бул албетте кызыгыраак, динамика жагынан бат. Экшн көп болот. көрөрманга кызыктуу болот деп ойлойм. Кино болгондуктан, сценарий тарыхый негизде жазылды. Жаштарга кызык болсун деп көптөгөн ошол замандын окуяларын кайра тирилтүүгө тырыштык.

Жаныбек султандын хан болуп шайланышы да экинчи сезондо. Бул мезгил ыйык Түркистанда тартылат. Себеби, дал ушул жер далай тарыхый мезгилдердин күбөсү, дейт чыгармачыл топтун өкүлдөрү. Жаңы сезон аманаттан кайткан Бурындыктын такка отуруусу менен аяктайт.

АЯН ӨТЕПБЕРГЕН, АКТЕР:

- Тарыхый тасмалар менин стихиям десем болот. Өзүмө жагат. Азыр муну менен катар Акан Сатаевдин “Томирис” тасмасына да тартылып жатам. Ал да олуттуу чоң долбоор. Окуялар ушул аймактагы 5 кылымдарды камтыйт.

Түлкү баштын айланасында 15-кылымдагы айылды тартуу үчүн 30дан ашуун боз үй тигилди. Биринчи сезондогу кээ бир реквизиттерди кайра жаңыртууга туура келди. Тарыхый долбоор болгондуктан жоопкерчилиги да жогору, дейт режиссер.

РҮСТЕМ АБДИРАШ, РЕЖИССЕР:

- Кээде аба ырайы жакшы болбой, жамгыр жаап калат. Бир-эки күн тартпай каласың. Күн чыккандан кийин күндөгү графикти кууп жетүүгө тырышабыз. Чыгарма да кантсе да. Айрыкча тарыхый тасма деген оңой иш эмес. Ар бир эпизодду тартуу үчүн жок дегенде бир жарым-эки күн кетет.

Азыркы тапта тасманын 8 бөлүмү тартылган. Жаңы сезондун алгачкы чыгарылышы быйылкы жылдын бештин айына, Казакстандык көз карандысызык күнүнө пландалган.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии