Теке айынын биринде Казакстанда алгачкы жолу Улуттук домбра күнү белгиленет. Улуу талаа шамалын, шамал менен жарыша чапкан ат туягынын добушун, тоо булагынын шыңгырын, жүрөктөгү сезимдин баарын казак эли домбранын үнү менен жеткизе билген. Касиеттүү аспаптын 60тан ашуун түрү Атрау облустук тарыхый өлкө таануу музейинин домбра залында сакталып турат. Бул жерде күү атасы Курмангазынын домбрасынын көчүрмөсү, Нургиса Тилендиев, Каршыга Ахмедьяров баштаган ушул замандын улуу инсандары көзү тирүүсүндө ойногон аспаптары бар. Ал эми бул домбра – белгилүү обончу, көзү тирүүсүндө күү энеси аталган Дина Нурпейисованын далай жарыштарда оболонткон айтылуу аспап.

АЙСАНА БАКЫТЖАН КЫЗЫ, МУЗЕЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Дина энебиздин «16-жыл» күүсү, Курмангазы бабабыздын «Кичинекей» күүсүнүн уландысы катары эсептелет. Себеби, экөө тең элибиздин азаттыгын эңсеген кыялынан чыккан чыгармалар.

Дина Нурпейисованын бул домбрасы Орал облусунда 1930-жылдары жасалган. Аны уулу Мурат Алматыдагы борбордук музейге 1965-жылы тапшырган. Кандайдыр себептер менен кайра алып кеткен. Кийин аспап атыраулык Туяк Шамилов аттуу жарандын колуна тийип, ал 1978-жылы ушул музейге тартуулаган. Жалпы көргөзмө залындагы кайсы аспапты алып карабайлы, өзүнүн тарыхы менен казак өнөрүнө ат көтөргүс салым кошкон инсандардын бармактарынын издери бар.

ДИНАРА БЕЙСЕМБАЕВА, ӨНӨР ИЗИЛДӨӨЧҮ:

- Байыркы Каспий аймагында батыштын домбрачылык мектеби калыптанган. Себеби, Едил-Жайык боюнда, Тайсойгон, Нарын кумдарында мыкты домбрачылар, атактуу күүчүлөр менен ырчылар. Атактуу аткаруучулар дүйнөгө келген. Бул салт азыркы күнгө чейин уланууда.

Атырауда күү атасы Курмангазы атындагы гүлзар бар. Домбрасын кармап ойго баткан күү чеберинин 6 метрлик эстелиги турат. Ошондой эле Дина Нурпейисованын да эстелиги домбрачынын атындагы музыка мектебинин алдынан орун алган. Ал эми Нургиса Тилендиев атындагы облустук Кичи өнөр академиясында жыл сайын көрүнүктүү өнөр ээсинин атындагы домбрачылар менен оркестрлер жарышы туруктуу өтүп турат.

Мунун бардыгы казак домбрасы менен ушундай өнөрдү бизге жеткирген улуу инсандарга болгон урмат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии