Улуу талаанын борборундагы келечек шаары

Улуу талаанын борборундагы келечек шаары. Казакстандын жаш борбору кыска убакыттын ичинде дүйнөлүк тартуу борборуна, ааламдык маселелер  карала турган, эл аралык ой-пикирлер талкуулана турган аянтка айланды. Чыгыш менен Батыштын эң мыкты тажрыйбалары жыйналган борбордун келбети жыл өткөн сайын түрлөнүп келет. Астананын 20 жылдык мааракесин белгилөөгө чет өлкөлөр да катышууну көздөп жатышат. Мисалы, Түштүк Африка Республикасынын элчиси Африка өнөрү менен музыкасынын кечесин өткөрүүнү сунуштады.

КИЙТУМЕТЦИ МЭТТЬЮС, ТҮШТҮК АФРИКА РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОР АЗИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Казакстанга Африканын бир бөлүгүн алып келүү ниетибиз бар. Анткени былтыр ЕХРОдо биздин павильонго келген коноктордун санына карап, өзгөчө кызыгуу бар экенин көрдүк. Ошондой эле казак жерине Нельсон Манделанын 100 жылдыгын өткөрүү планы бар. Кош өлкө башчыларынын арасындагы сый мамиле жогору. Эки өлкө тең тынчтык менен келишимди туу тутушат. Ушул багыттан тайбаш керек. Ушул достуктун урматына Африка өнөрү менен музыкасынын кечесин өткөргүбүз келет.

Астана шыктандырат, жаңы жеңиштерге жетелейт. Казакстандын борборун тартып жүргөн жергиликтүү жана чет өлкөлүк сүрөтчүлөр ушундай дешет. Эс алуу жана майрам күндөрү шаар көчөлөрүнөн мольберт алдында олтурган сүрөт чеберлерин көп кездештирүүгө болот.

АЛЕКСАНДРА КОННОР, СҮРӨТЧҮ/ УЛУУ БРИТАНИЯ:

- Мен Астанага биринчи жолу келип жатам. Шаардагы кооз имараттар көзгө урунду. Себеби, алардын түзүлүшү өзгөчө экен. 20 жылжа ушундай шаар салуу оңой эмес. Алдыдагы күндөрү астаналыктардын сүйүктүү эс алуу жайлары менен имараттарын кагазга түшүрөм.

Көптөгөн туристтер Астанага сапарларын пландаганда борбордун туулган күнүнө туш болууга аракет кылышат. Анткени дал ошол чакта тургундар менен конокторго арналган кызыктуу маданий иш-чаралар көп даярдалат.

БЛИЦ:

- Менин досторум Хан Чатырга, Байтерекке барууга кеңеш берди. Архитектурасы мыкты, имараттар абдан кооз. Бардыгы заманбап.

- Мен Астанага келгениме кубанычтамын. Мындай бийик имараттар мен жашаган Стокгольмдо да жок. Кооз шаар, бул мен үчүн таң калычтуу.