Бул жылы астаналык Арбат өзүнүн биринчи туулган күнүн белгилеп жатат

Келгендердин көз жоосун алган кайталангыс борбор. Астана шаарынын тургундары жана коноктору кубануу менен барган жер – Арбат. Бул жылы ал өзүнүн биринчи туулган күнүн белгилеп жатат. Есил дарыясынын  жээгиндеги өзгөчө атмосфера аталган жерди элдик жана сүйүктүү кылып келүүдө. Бул жерде сейилдеп, казакстандык кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин сатып алып, көчө музыканттарын укса болот.

КАЛИМА АСАНОВА, СҮРӨТЧҮ:

- Бул сүрөт “Арбаттын үстүндөгү асман” деп аталат. Мен таасирленип тарткам. Бирок мен профессионал эмесмин. Дагы бир сүрөт “Бата берүү” деп аталат. Мен бул сүрөттө сүйүктүү борборубуз Астананы чагылдыргам. Бул жерде Байтерек жана жаштар, ал эми чоң эне өз батасын берип жатат.

АРАЙ ОРДАБАЕВА, “АРБАТ” ДОЛБООРУНУН АВТОРУ:

- Биздин Арбатта бийлеген көп топтор бар. Ырдагандар да бар. Бизде күтүүсүздөн от шоусу да пайда болгон. Эгер былтыр карапайым калк келсе, быйыл профессионалдар да келишүүдө. Ушул жерде болушунча майрамдашат.

Ар бир дүйнөлүк шаарларда өз ишин мыкты билген музыканттар жана сүрөтчүлөр чогула турган жер бар. Алардын кол тамгасы жана стили шаарлар менен райондордун бейнесин калыптандырат. Борбордук Арбаттын артыкчылыгы – ачык асман алдындагы кинотеатры жана караокеси. Жакында бул жерее жасалгалуу хан боз үйү көрк бере баштайт.

- Бул жерге неберелерим менен келип турам. Балдарга музыканттардын чыгармалары жагат. Жасалгасы да кооз. Маданий эс алуучу жер деп айтсам болот.

- Бул жерге ар дайым келебиз. Күн алыс десем болот. Жылуу, күндүү аба ырайында сейилдейбиз, ал эми күн бүркөк мезгилде да бул жерде шаңдуу жана ынгайлуу. Ушул жерде сейилдеген жагат.

-Мен Павлодардан келдим. Көз кубанат. Кооз буюмдар абдан көп экен.

Арбат – жаш борбордун духу. Аталган объект, өсүп келе жаткан муундун акыл-эсинде казак элинин каада-салтына жана тарыхына болгон кызыгуусун жаратууга багытталган. Арбатты жыл бою иштей тургандай кылуу көздөлүүдө. Ал үчүн анын үстүн жабуу керек. Азырынча бул планда гана.