Астанада «Самгау» эл аралык театр фестивалы өттү. Казакстандын 20 жылдыгына арналып уюштурулган иш-чаранын алкагында көрүүчүлөрдүн назарына Казакстандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн театр жамааттарынын мыкты спектаклдери сунушталды. Быйыл фестивалга  Кыргызстан, Өзбекстан, Татарстан, Петропавловск, Өскемен, Чымкент жана  Астана театрлары катышты. Сахна кызматкерлери ич ара тажрыйба алмашып, жаш муун өкүлдөрүнө вокал, сахнада сөз сүйлөө, кыймыл аракет жана актердук чеберчилик боюнча мастер класстар өткөрүлдү.

МУРАТ АБЗЕЛБАЕВ. Т. ЖҮРГЕНОВ АТЫНДАГЫ КАЗАК УЛУТТУК ӨНӨР АКАДЕМИЯСЫНЫН ПРОФЕССОРУ, ОКУТУУЧУСУ:

- Бул фестивалга Жаштар театрынын актерлору катышууда, «Ревизор» спектаклин коюшту, калыстар тобу жогорку баа берди. Буларды биз 1-курстан баштап өзүбүз тарбиялаганбыз, жалпы чыдамдуулукка, ар бир кыйынчылыктарды жеңе билүүгө, сахнада кандай көрүнүш болсун, шашпастан, көрүүчүгө толук жеткизе билүү үчүн эмгектер жасалган.

ЖАЛЫНБЕК АХАН, Т. ЖҮРГЕНОВ АТЫНДАГЫ КАЗАК УЛУТТУК ӨНӨР АКАДЕМИЯСЫНЫН ОКУТУУЧУСУ:

- Мен университетте сахна салгылашуусу боюнча сабак өтөм. Бул ар бир актер үчүн өтө керек. Себеби, бул жөндөм сахнада оюн көрсөтүп жатып, кулап, секирип, бири-бири менен салгылашканда запкы жеп калуудан сактайт.

Фестивалга катышып жаткан чет өлкөлүк өнөрпоздор казак театр мектебине жогорку баа беришүүдө. Кыргыз өнөр ээлери астаналыктардын назарына «Коркут Ата» спектаклин тартуулашты.

Чет өлкөлүк сахна чеберлеринин чакырылуусу иш-чаранын географиялык аймагын эле эмес, маани-мааңызын да байытты.

ЖЕҢИШ КАНГЕЛДИЕВ, КЫРГЫЗ УЛУТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫНЫН АКТЕРУ:

- Астана шаарынын 20 жылдыгы менен казак элин куттуктайм, майрамдар көп болуп турсун, чыгармачылыктар, ийгиликтер арбын болсун.

Алтынчы жыл катары менен өткөрүлүп келе жаткан быйылкы «Самгау» эл аралык театрлар фестивалына 12 театр жамааты катышты. Эл аралык фестивалдын жыйынтыгында мыкты спектакль, мыкты режиссёр сыяктуу бир нече номинация боюнча жеңичүүлөр аныкталат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии