Камбар ата төлүн таптап, эр токумун даярдап, гүлазыгын камдап бир топ жаран ата-бабалардын салтын жаңыртуу үчүн белин бекем бууп, даяр турушат. Бул Астананын 20 жылдыгын утурлай уюштурулуп жаткан аттуу параддын катышуучулары. 10 адамдан куралган  топ 10 күндүн ичинде ат менен 600 чакырымды багындырышат. Сапарга аттанып жаткандарга аксакалдар ак баталарын берип алыс жолго узатышты. Этно саякатчылар Акмола, Павлодар, Караганды аймактарын кыдырып, талаада түнөп, тамактанышат. Атчан экспедиция биринчи Буйратау мамлекеттик улуттук сейил багына барат. Андан соң Баянайылга тийип, Каракаралыда жыйынтыкталат. Жүрүшкө катышып жаткандардын улуусу 50 жашта, ал эми кичүүсү он төрттө. Алардын арасында 2 венгриялык атчан бар.

АЙДОС НУРКАШЕВ, АТТУУ ЖҮРҮШТҮН КАТЫШУУЧУСУ:

- Биз жүрчү талаа маршруту  бизге белгилүү, ошондуктан көйгөй болбойт деп ишенем. Айылдарга жетсек баш паанек сурайбыз.  Эми алар колдорунан келишинче жардам беришет. Болбосо чатырларыбыз бар. Талаага үйүбүздү тигип, ошол жерде түнөп, сапарыбызды улай беребиз. Ат мелүүндүктү жакшы көрөт. Күн ысыганда, чак түштө бир-эки саат аттарды эс алдырабыз. Таң эрте жана кечке жуук жүрүүгө аракет кылабыз.



Комментарии