Даректүү тасма – коомдук өзгөрүүлөрдүн эффективдүү куралы. Белгилүү америкалык продюсер жана режиссер Лара Столман дал ушундай пикирде. Кинодокументалист Казакстанга Алматыда өтө турган «Go Viral» фестивалына катышуу үчүн келди. Ал инклюзивдик суроолорго арналган «Swim Team» эмгегин тартуулады. Тасма аутизм менен жабыркаган чыныгы  сууда сүзүүчөр туурасында баяндалат.  Аталган чыгарма дүйнөдө резонанс жаратып, 13 сыйлыкты багындырган.

ЛАРА СТОЛМАН, ПРОДЮСЕР, РЕЖИССЕР /АКШ/:

- Мен сүзүүчү командалар жөнүндө баяндалган «Swim Team» даректүү тасмасын  тарттым. Бул АКШда чемпион болууга аракет кылган аутизм менен жабыркаган өспүрүмдөр. Менин тасмам чектөө эмес, жөндөмдүүлү туурасында. Менин оюмча тасмалар, айрыкча даректүү тасмалар алдыга умтулууга, коомдогу орчундуу көйгөйлөрдү чечүүдө адамдарды аракеттентүүгө чындыгында жардам бере алат. Мен даректүү тасма тартуу боюнча кинематографисттер же режиссерлорго семинар өтүүнү көздөп жатам.  Азыркы мезгилде даректүү тасма айдыңында чоң секирик болуп жатат. Эми ар бир адам даректүү тасма тарта алат. Мындай мүмкүнчүлүк ар бирибизде бар. Себеби, каалагандар телефонго да тарта алат.

Белгилей кетсек, даректүү тасманын бет ачары Борбор Азияда биринчилерден болуп Казакстанда өттү.



Комментарии