Астана олуттуу маданий иш–чаралардын борборуна айланат

Ушул жай мезгилинде Астана олуттуу маданий иш–чаралардын борборуна айланат. Дүйнөнүн булуң-бурчунан белгилүү театр жамааттары Казакстандын жаш борборунун 20 жылдык мааракесин куттуктоого келишет. Алар өз эмгектерин кулжа айынын онунан жыйырма тогузуна чейин тартуулашат. Бул күндөрү сахна өнөрүнүн бир нече эл аралык фестивалы өтөт.

ЕРКИН КАСЕНОВ, М.ГОРЬКИЙ АТЫНДАГЫ ОРУС ДРАМА ТЕАТРЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Кулжанын 10нан 16сына чейин “Самгау” эл аралык фестивалын кабыл алабыз. Ага Татарстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Орусия жана Сербия өлкөлөрүнүн театрлары катышат. Ал эми кулжанын 16сы менен 30у аралыгында башкы шаарыбыздын мааракесине арналган “Астана” аттуу фестиваль өтөт. Ага Бээжин, Польша, Англия, Франция, Германия жана Орусия өнөр жамааттары катышат.

Максим Горький атындагы орус драма театрынын труппасы борбор тургундары менен конокторуна  өзгөчө программа даярдашууда. Анда театр сүйүүчүлөр коому эле эмес, кичинекей көрөрмандардын табити да эске алынган.

БЕКБОЛАТ ПАРМАНОВ, ТЕАТРДЫН БАШКЫ РЕЖИССЁРУ:

- Бул Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл алма» премьерасы. Пушкиндин «Евгений Онегин» чыгармасы боюнча спектакль. Андан ары Балтика өлкөлөрүнүн белгилүү режиссеру Ионус Вайкус менен биргелешип Максим Горькийдин «Акыркы» чыгармасынын негизиндеги спектаклге даярдана баштайбыз.

Астананын 20 жылдык мааракесин утурлай өлкө аймактары өз тартууларын сунуштап жатышат. Мисалы, Алматы облусу бир-эки жумада сол жээктеги сейил бакты борбордуктарга тартуулашат. Жаңы объекттин жалпы баасы 3 миллиард теңгеден ашат. Долбоорчулардын айтымында, сейил бактын өзгөчөлүгү анын универсалдуулугунда. Башкача айтканда, борбор тургундары менен коноктору бул жерде өздөрүнүн бош убакыттарын жыл бою өткөрө алышат.

ДАУРЕН АЛЖАСАРОВ, СЕЙИЛ БАКТЫ КАЙРА КЕЛБЕТТӨӨ  ДОЛБООРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Балдарга арналган  аянтчалар даяр. Борбордук аянтчаларынын да иши бүткөн. Бул жерде Алматынын мыкты жерлеринин баары чагылдырылат. Таңбалы таш, шаардын капчыгайы даяр. Анфитеатр жана Балкаш көлү фонтаны бар.

Башкы шаардын тарыхы башталган кезден баштап, өнүккөн азыркы келбетине тиешелүү тарыхый документтер «Астана – өлкө жүрөгү» көргөзмөсүндө  чогултулду. Астананын түзүлүшүнө 135 өнөр жай ишканасы, 432 курулуш компаниясы жана 70тен ашуун дүйнөлүк шаарлардын өкүлдөрү өз салымдарын кошушту. Түркия, Италия, Франция жана Швейцария өлкөлөрүнөн адистер тартылган. Жылына 100гө жакын объект пайдаланууга берилип жатты. 10 жылда казакстандык талаада курулушу кайталангыс заманбап шаар баш көтөрдү.

ТОЛЕГЕН АБИЛЬДА, АРХИТЕКТОР:

- Бул ири курулушка мен да катыштым. Шаар акимиаты, Казакстан темир жол компаниясынын 45 кабаттык имараты, цирк, жашыл сулуу бульварларында өз салымым бар.

Белгилей кетсек, Астана күнүн утурлай уюштурулган мааракелик иш-чаралар Казакстандын бардык аймактарында өтөт. Борбордук акимиаттын маалыматы боюнча, жалпы 600дөн ашуун ар түрдүү иш-чара планданган.