Казак пианисти Нью-Йорк сахнасында

Казакстандык пианист Хадиша Оңалбаева Нью-Йоркто дүйнөгө белгилүү Карнеги-холл сахнасында өз өнөрүн тартуулады. Талант ээси Нью-Йорктун төрүндө өзүнүн «Таң калаарлык кербез», «Бирге ойлонолу» чыгармаларын аткарды. Ошондой эле, көрөрмандар Бетховен менен Чайковскийдин чыгармаларын, казактын мыкты обондорун тартуулады. Хадиша Оңалбаева – АКШ мугалимдеринин улуттук музыка лигасынын мүчөсү, Алабама штатынын Мобил Университетинин  профессору жана фортепиано факультетинин деканы. Өнөрүн бекемдөө үчүн Жаңы Орлеан университетинде магистратурада окуп, Луизиана штаты Университетинде доктор даражасын  алган. Ал - «Steinway artist» улуу макамына ээ болгон Казакстандын алгачкы өкүлү. 2017-жылы Алабама штатынын мыкты артисти аталган. Концерт Казакстандын АКШдагы консулдугунун колдоосу менен уюштурулду.

КРИС МАЙЕР, STEINWAY PIANO ӨКҮЛҮ:

- Хадиша Оңалбаеванын бүгүнкү кечеси жогорку деңгээлде өттү. Анын аткаруучулук чеберчилигинде кынтык жок. Ал АКШда Казакстандын абройун көтөрүп жүргөн талант ээлеринин бири.