Дүйнөнүн алдыңкы бийчилери балет жана хореография шедеврлеринин мыкты үлгүлөрүн тартуулашат. Үстүбүздөгү кулжа айынын 24ү  Астанада «Eurasian Dance Festival» экинчи эл аралык балет фестивалы болот. Маданий иш-чара «Astana Ballet» театрынын сахнасында өтөт. Бул жолку сынактын өзгөчөлүгү автордук хореографияга басымдуулук берилгендигинде. Ошондуктан өнөр сүйгөн коом классикалык чыгармалар менен катар, заманбап бий агымынын кайталангыс үлгүлөрүн көрө алышат.

ВАЛЕРИЙ КҮЗЕМБАЕВ, «АСТАНА БАЛЕТ» ТЕАТРЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Аталган фестивалга Люблянадагы Словениянын улуттук балети,  Пекиндеги кытай улуттук балети, Испаниянын Фламенко театры сыяктуу дүйнөнүн мыкты жамааттары катышышат.  Казакстандын Абай атындагы опера жана балет театры  «Ромео менен Джульетта» көрүнүшүн сахналаштырат. Гала концертке Европанын башка да таанымал театрлары келет. Атап айтканда, Ири театр, Португалиянын улуттук балети, Штудгарддын мамлекеттик балети, Голландия өлкөсүнүн Амстердамдагы мамлекеттик балети ат салышат. Бир сөз менен айтканда фестивалдын масштабы абдан кенен болот. Көрөрман өз табитиндеги балетти табат.

Фестивалдын алкагында «Astana Ballet» театрында тажрыйбалуу бразилиялык хореограф Рикардо Амарантенин сахналаштырылган таанымал «Жизель» спектаклинин тушоосу кесилет. Эки актыдан турган чыгарма Генрих Гейненин байыркы  акындык уламыштарынын жыйынтыктарынын негизинде түзүлгөн. Обондуу музыкалык коштоо композитор Адольф Адандын эмгеги.

РИКАРДО АМАРАНТЕ, ХОРЕОГРАФ / БРАЗИЛИЯ/:

Бул биздин театрыбыздын эки актыдан турган менин эң сүйүктүү, маанилүү постановкаларымдын бири. «Жизель» спектаклине театр труппасынын бардык курамы катышат. Ушуга кошо хореографиялык академиянын студенттерин тарттык. Бардыгы 60 адис эмгектенет. Менимче, башкы партия «Жизелди» кайталап көргүсү келбеген балерина менен бийчи жок болсо керек. Бул Чайковскийдин «Аккуулар көлү» көрүнүшү сыяктуу көпчүлүккө жакшы таанымал дүйнөлүк чыгарма десек ашыкча болбос.

Бир жумага созулган фестивалды гала-концерт жыйынтыктайт. Маанилүү иш-чаранын программасына балеттин шедеврлерине айланган өткөн кылымдын классикалык композиторлорунун чыгармаларынын үзүндүлөрү менен катар заманбап хореография өнөрүнүн мыкты нускалары кирет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии