Казактын улуттук тамактары мамлекеттик брендге айлана алат

Казактын улуттук тамактары мамлекеттик брендге айлана алат. Казакстандын тамак-аш түрлөрүн өндүрүшкө багыттаган ишкерлер ушундай пикирде. Экологиялык таза, табигый баалуулугу сакталган, ден соолукка пайдалуу өндүрүштөргө ар дайым суроо-талап бар. Азыркы тапта Павлодарда сүт өндүрүү заводу улуттук тамак-аштарды чыгарууну көздөшүүдө.

ЛЮДМИЛА СВЕРДЛОВА, ТЕХНОЛОГ:

- Биз кургатылган курут жасайбыз. Улуттук тамактын жыйырма түрүн сунуштап жатабыз. Зире жыты, мурч, туз кошулган жана таттуу, кычкыл түрлөрү бар. Формалары да өзгөчө. Табигый баалуулуктары сакталуу. Алдыдагы планыбыз соодага кызыл сыр жасап чыгаруу.

Рынокко чыккан алты жылдын ичинде бул завод өндүрүштүн жүзгө жакын түрүн иштеп чыгарышкан. Ал эми Түштүк Казакстан облусунун Ордабасы районунда эчки сүтүнүн өндүрүштөрү чыгарыла баштады. Аймакта ушул максатта атайын айыл чарба кооперативи түзүлгөн. Бул жерде голландиялык эчкилер өстүрүлөт. Азыр мында 500 баш бар, келечекте 6 миңге жеткирүү көздөлүүдө. Жалпы долбоордун баасы 1 млрд 829 млн теңге. Ден соолукка пайдалуу эчки сүтүнөн бул жерде кардардын талабына ылайык өндүрүштөрдүн бир нече түрү даярдалат.

ЖЕҢИС ТОГЫЗАКБАЕВ, КООПЕРАТИВ БАШЧЫСЫ :

- Түрдүү өндүрүш чыгарып жатабыз. Сүт өнүмдөрүн ар түрдүү майлуулукта айран, каймак, сүзмө, йогурт, курут, май өндүрүштөрүн чыгаруудабыз. Жаңы жабдыктар келсе, сырдын түрлөрүн иштеп чыгарабыз. Жумшак, каттуу, орточо түрлөрүндө.

Бүгүнкү күндө Казакстанда казактын улуттук өндүрүштөрүн заманбап талаптарга ылайык даярдоодон башка, төө сүтүнөн бал муздак жасоо сыяктуу эксклюзивдүү өндүрүштөр жолго салынат. Уйдун сүтүнөн жасалган бал муздактарга караганда, анын курамы  май, белок, минералдарга бай келет. Ата-баба өнөрүн улантып гана койбостон, замандын талабына жооп бере алган  ата мекендик ишкерлер улуттук өнүмдөрдүн ири  өндүрүштөрүн жолго коюу менен Дүйнөлүк соода уюмуна  мүчөлүк жагдайында атаандаштыкка туруштук гана бербестен, сап башына чыкса болот, дешет өндүрүүчүлөр.