Астанада «Абай кечи» кайрымдуулук иш-чарасы өттү. Маданий кече Атыраулуктар менен борбор калаанын тургундары уюштуруп жүргөн  салттык иш-чара. Жыл сайын казактын белгилүү акыны, жазуучусу, агартуучусу жана философунун чыгармаларын ыйык туткан, «абай таануучу» окумуштуулар менен окурмандар чогулушат. Анда Абайдын чыгармалары айтылып, ырлары жаңырат. Быйылкы кечеде Татимбет атындагы карагандылык академиялык оркестринин коштоосунда композитордун обондуу эмгектери жаңырды. Ошондой эле иш-чаранын алкагында жаш сүрөтчү Айгерим Оспанованын тандалган сүрөттөрүнүн аукциону өттү. Ал эми  чогулган каражаттар кайрымдуулук долбоорлоруна жумшалат.

АЙМАН ЕСБОЛАЕВВА,  УЮШТУРУУЧУ:

- Абай кечтерин уюштуруу ою 2013-жылы, же андан да эртерээк келген. Атырауда жүргөнүбүздө шотландык жазуучу Роберт Бернстин кечелери өтүп турчу. Дал ошол кезде өзүбүздүн улуу акыныбыз Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгына арналган кечелерди өткөрүүнү мерчемдедик. Аталган кеченин эшиги каалоочулар үчүн ачык. Келген коноктор каалашынча сүйүктүү чыгармаларын аткарып, ырларын айтышат. Же болбосо жөн эле көрүп кетсе болот.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии