Казакстандын кино өндүрүш тармагын өнүктүрүү

Казакстандын кино өндүрүш тармагын өнүктүрүү

Казакстандын кино өндүрүш тармагын жигердүү өнүктүрүү дүйнөлүк рыноктун кызыгуусун арттырууда. Эл аралык кино прокатта казакстандык тасмалардын саны өсүп жатат. Жергиликтүү адистердин эмгеги чет өлкөдөгү кинофестивалдар менен сынактарда таанылып, сынчылардын жогорку баасына ээ болушууда. Кино дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн айтымында, Казакстандык өндүрүш атаандаштыкка туруктуу.

БЕНУА ЖИНИСТИ, КИНОПРОДЮСЕРЛЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК ФЕДЕРАЦИЯ БИРИКМЕСИНИН БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Кинопродюсерлердин эл аралык федерация бирикмеси катары казакстандык өнөктөштөр менен кызматташып келе жатканыбызга 10 жылдын жүзү болду. Максатыбыз - казакастандык кино өндүрүш тармагынын өнүгүшүнө салым кошуп, жергиликтүү чыгармаларды дүйнөлүк рынокко чыгаруу. Казакстандык адистер чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен байланыш орнотууга зор кызыгуу жаратып келишүүдө. Ошондуктан биз эл аралык «Евразия» фестивалын колдоого бел байладык. Казакстанда өтө турган салттык фестиваль ата мекендик өндүрүштөрдү даңазалай турган ири аянтка айланды.

Кинопродюсерлердин эл аралык федерация бирикмеси Борбор Азия мейкиндигиндеги бирдиктүү «Евразия» кинофестивалын дүйнөлүк деңгээлдеги Веналык жана Берлиндик фестивалдардын катарына кошкондугун айта кетүү керек. Астанада 14-жолу өтө турган кезектеги сынак Астана шаарынын 20 жылдыгына арналат. Уюштуруучулар дүйнөлүк тасма рыногунда жаңы ысымдар пайда болоруна ишенет.

ДЭН ВУЛМЕН, КИНОПРОДЮСЕР/ИЗРАИЛЬ/

- 12 жыл мурун өз чыгармамды сунуштоо үчүн Казакстанга келгеним азыркыга чейин эсимде. Мен үчүн өтө маанилүү кинофестиваль болгон. Францияда дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү кино жылдызы Катрин Денёв атайын конок катары келгени көз алдымда. Менин тасмам кереметтүү чоң залда өткөн, ачылышы, деги эле фестивалдын өзү өтө сонун болгон. Ал жакта грециялык Ангело́пулос сыяктуу  дүйнөгө таанымал режиссерлор болгон. Фестивалдан алган таасиримди эч качан унутпайм. Ошол кездеги сезимдерге бөлөнүп, дагы бир жолу ушул сынакта багымды сынап көрүүнү көздөп жатам.

«Евразия» дүйнөдөгү мыкты 35 кинофестивалдын катарына кирет. Бул жылы казакстандык кинофорум Канныда тааныштырылды. Бул ата мекендик кино өндүрүш тармагынын эл аралык өнөктөштүгүн жогорулатып, Казакстандык тасмалардын дүйнөлүк рынокко чыгуусуна жол ачты.