Улуу талаа обону Парижде жаңырды. Белгилүү концерт залдардын бири «ГАВОдо» Дина Нурпейисова атындагы академиялык казак аспаптар оркестри өз өнөрүн тартуулады. Көрөрмандар арасында саясий ишмерлер, академиялык жана бизнес өкүлдөрү, эл аралык уюмдар менен Париждеги дипломатиялык корпус кызматкерлери болду. Франциядагы көрөрман коому Курмангазы, Дина, Ыкылас, Түркеш, Нургиса Тилендиев, Латиф Хамиди, Евгений Брусиловский сыяктуу композиторлордун чыгармаларын берилүү менен угушту.

АРМАН ЖҮДЕБАЕВ, Д.НУРПЕЙИСОВА АТЫНДАГЫ ОРКЕСТРДИН БАШКЫ ДИРИЖЕРУ:

- Ушул Парижге келип ушундай казактын мыкты күүлөрүн даңазалаганыбызга абдан кубанычтабыз. Эми бул казак күүлөрү качан жана кайсы жерде болбосун чет өлкөнүн мыкты сахналарында  жаңыра берсин.

АЛЬБЕР ФИШЛЕР, ПАРИЖ УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ:

- Бул кече мага ырахат тартуулады. Биз Курмангазынын күүлөрүн ырахаттануу менен уктук. Дирижердун аркасында улуу талаанын сулуулугун сездире алган оркестр мыкты өнөр көрсөттү. Оркестр байыркы аспап-кобыз менен домбранын жогорку кудуреттүү экенин көрсөтө алды.

Ошону менен катар, элдик аспап оркестри көрүүчүлөрдү дүйнөлүк классика шедеврлери менен да кубантышты. Музыканттар Иоганн Штраус, Жорж Бизе жана Юбер Жирондун чыгармаларын аткарышты.

ДАНИЭЛЬ УРБАН, КӨРҮҮЧҮ:

- Мага баары жакты. Чынын айтсам, жалаң элдик музыканы уксам керек деп ойлогом, бирок концерт мен ойлогондон да ашып түштү. Бул симфониялык фольклор болду. Мен 18-19-кылымдын классикалык музыкасын жактырам, бирок бүгүн Борбор Азиянын симфониялык композициясы менен ыргактарын угуу абдан өзгөчө болду.

ТАБАРЕК ДОГУ, ПАРИЖДЕГИ КАЗАК ДИАСПОРАСЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Европанын төрүндө, Парижде казактын ыр-күү концерти өтүп жатат, биз абдан кубанычтабыз. Биздин тилегибиз, чет өлкөдө жүргөн диаспораларга, казактарга ушундай концерттер бат-бат келип турсун.

Казакстандык артисттердин концерти «Руханий жаңыруу» программасы жана «Ааламдык дүйнөдөгү казакстандык заманбап маданият» долбоорунун алкагында Франциядагы Казакстан элчилигинин колдоосу менен өттү.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии