Өзгөчө аткаруучулук касиет жана тубаса талантка ээ болгондор, аны «Казактын Моцарты» деп аташат. Ал дүйнөдөгү эң жаш композитор. Анын чыгармалары Түштүк Иллинойс университетинин оркестр менен фортепианого арналган чыгармалардын  «Discography» Дүйнөлүк  фондунун коллекциясына Бах, Моцарт, Гайдн сыяктуу дүйнөлүк классикалык шедеврлери менен катар киргизилген. Бүгүнкү күндө Рахат-Би Абдысагиндин аты бүткүл дүйнөгө таанымал. «Эң жаш композитор» деген макам ага бала кезинен берилген. 13 жашында студент болуп, 18 жашында магистрдик диссертациясын мыкты коргоп, өнөр таануу илиминин магистри аталган.

РАХАТ-БИ  АБДЫСАГИН, КОМПОЗИТОР:

- Өз чыгармаларымда музыканын тереңдигине жана убакыт агымына терең маани берем. Биз 21-кылымда өмүр сүрүп жатабыз. Көчтөн калбаш үчүн ар дайым изденүүдө болушубуз керек. Үчүнчү миң жылдыктын тилин түшүнүүгө тийишпиз.

Рахат-Би – заманбап музыка аткаруучулар менен композиторунун эл аралык академиясынын эң жаш катышуучусу. Ал «Дарын» мамлекеттик сыйлыгынын эң жаш ээси. Көз карандысыз Казакстан тарыхында КМШ парламент аралык Ассамблеясынын «Маданият менен өнөрдү өнүктүрүүгө кошкон эмгек үчүн» урмат белгиси менен  сыйланган 17 жаштагы жалгыз маданият кызматкери.

Ал 100дөн ашуун музыкалык чыгарма жазган. Анын ичинде кеңири симфониялык жана ар түрдүү камералык чыгармалар бар. Анын эмгектери Азия менен Европа өлкөлөрүнүн белгилүү концерттик залдарында дайыма аткарылып келет. Чыгармаларынын дүйнөлүк премьерасы Прага, Лондон, Вена, Париж, Берлин, Сеул, Анкара, БЕргамо, Москва шаарларында өткөн. Рахат-Би  Абдысагин композитор гана эмес, аны менен катар мыкты пианист. Ал Петр Ильич Чайковский атындагы экинчи эл аралык жаштар фестивалында эгемендүү Казакстандын маданият ишкерлеринин эмгектерин дүйнө элдерине тааныштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Жакында эле жаш талант Мамлекеттик  Кремль сарайынын Георгиев залында өнөрүн тартуулады.

АНДРЕЙ ЩЕРБАК, П.И. ЧАЙКОВСКИЙ АТЫНДАГЫ ФОНДДУН БАШЧЫСЫ:

- Негизи бул жабык зал. Жалаң өзгөчө мааниге ээ концерттер үчүн гана ачылат. Фестивалды ушул залда өткөрүүгө уруксат алуу үчүн көп жүгүрдүк. Казакстандык жигиттин  талантына таң калдым. Ал өз өнөрүн мындан ары өнүктүрөт деген ниеттемин.

Орусия Президентинин симфониялык оркестри менен биргеликте Рахат-Би «Өмүргө шыктануу» чыгармасын эң жогорку деңгээлде аткарып чыкты

ЮРИЙ ТКАЧЕНКО,  П.И. ЧАЙКОВСКИЙ АТЫНДАГЫ СЫНАГЫНЫН БАШКЫ ДИРИЖЕРУ:

- Анын колунан бары келет. Менин оюмча, келечекте жаш талант Рахат-Би Абдысагин дирижерлукту, аткаруучулукту, композитордук менен узтаздыкты бирдей алып кете алган ишмер болот. Анын турган турпаты талантка толгон.

Аны менен катар, Рахат-Би Абдысагин Санкт-Петербург филармониясынын Чоң залында өнөрүн тартуулады. Жергиликтүү көрөрмандын алдында өзүнүн үч чыгармасын аткарды. Чет өлкөлүк сынчылар аны «казактын чыныгы керемети» деп аташты. Талантуу музыкант жетишкендиктеринде токтоп калбастан, жаңы бийиктиктерди багындырууну көздөп жатат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии