Астананын 20 жылдыгы Түркияда майрамдалды

Астананын 20 жылдыгы Түркияда майрамдалды

Астананын 20 жылдыгы Түркиянын жүрөгүндө майрамдалды. Жыл сайын өтүүчү салттык Рамазан фестивалы алкагында быйыл райондун борборунда «Казакстан үйү» ачылды. Жергиликтүү тургундар бул жерде казактын кол өнөрчүлүгү, каада-салты жана үрп-адаттары менен  жакындан таанышышты. Ал эми казакстандык өнөр ээлери шаар калкына унутулгус кеч тартуулашты. Гала концертте казактын элдик ырлары менен катар түрктөрдүн белгилүү ырлары да аткарылды. «Аккуу» бий ансамбли менен «Достук сазы» фольклордук ансамбль өнөрүн баалагандардын алкышына татышты.

БАХАДҮР ЙЫЛМАЗ, АНКАРА ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Казакстандан келген боордошторубузга салам айтабыз. Чындыгында аларды көргөнүбүзгө абдан кубанычтабыз. Алардын ырлары, бийлери бизге абдан жагат. Ушундай концерттер көп болсо кубанабыз. Сиздерди дагы да күтөбүз. Бат-бат келип туруңуздар.

Мааракеге карай илимий конференция уюштурулуп, Казакстандын борборунун өнүгүүсү туурасында олуттуу ойлор айтылды. Жыйынга окумуштуулар, саясатчылар жана түрктүн белгилүү ишкерлери катышты. Катышуучулар өз сөздөрүндө  Астананын  дүйнөлүк аренадагы орду менен мааниси туурасында айтып өтүштү, аны менен катар  чыр-чатактарды чечүүдөгү Казакстандын ролу тууралуу да кеп козголду. Серепчилер Казакстан менен Түркия өлкөлөрүнүн ортосундагы эффективдүү экономикалык байланыштарды бекемдөө туурасында өз пикирлерин билдиришти.

АБЗАЛ САПАРБЕК УУЛУ, КАЗАКСТАНДЫН ТҮРКИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Түрк серепчилери, саясатчылары, интеллигенция тобунун өкүлдөрү Астана жана Анкара борборлорунун окшоштуктарын  белгилешүүдө. Ушул эле контекстте алар, келечекке болгон ишенимдүү кадам жана новатордук жагынан Нурсултан Назарбаев жана Ататүрктү да салыштырышат. Алардын олуттуу реформалар аркылуу өлкөнү өнүктүрүүгө болгон умтулуусу, экономиканы модернизациялоо, тилдик реформалар жана борборду көчүрүү сыяктуу иштери бири-бирине шайкеш.

Белгилей кетсек, Казакстан борборунун 20 жылдыгына арналган иш-чаралар Түркиянын ШанлыУрфа, КахраманмарАш жана МалАтья шаарларында өтөт.