Бүгүн Казакстанда Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленип жатат. Кулжа айынын биринде көп өлкөлөрдө салтка айланып калгандай эле балдар үчүн ар кандай иш-чаралар - көргөзмөлөр, концерттер жана театралдык көрүнүштөр уюштурулат. Дал ушундай иш-чаралардын бири Астанада өтүүдө.

Этноайылдын аянтында “Алпамыс” казак эпосунун негизинде театралдык-цирктик уникалдуу шоу тартууланды. Көрүүчүлөр 2 саат бою атайын эффекттер, уникалдуу акробатикалык трюктар жана бий номерлери менен коштолгон программага күбө болушту. Аталган спектаклди казакстандык артисттер жана Дю Солей циркинин кызматкерлери биргеликте бир жыл бою даярдашкан. Жай айынын аягына чейин жаштар күбө болчу театралдык шоунун коюучусу белгилүү орусиялык режиссер Сергей Козин.

СЕРГЕЙ КОЗИН, «АЛПАМЫС» ТЕАТР-ЦИРКТИК ШОУСУНУН РЕЖИССЕРУ/ОРУСИЯ/:

- Бул абдан оор жана олуттуу инженердик долбоор. Аталган шоуну даярдоону маданият министрлиги менен биргеликте тогуздун айында баштаганбыз. Биздин спектаклде  уникалдуу цирктик технологиялар колдонулат. Атайын ушул спектакль үчүн даярдалган, мурда эч жерде колдонулбаган атайын номерлер бар.

Ал эми Талдыкоргондо беш жаштан он жашка чейинки 20 катышуучунун арасында чүкө атуу боюнча турнир болуп жатат. Бул жылы алгачкы жолу өтүп жаткан спорттук иш-чарага Жетисуу шаары жана райондордон көзгө атаар оюнчулар келишти. Жеңичүүлөр үчүн баалуу байгелер камдалган. Уюштуруучулар аталган иш-чараны жыл сайын өткөрүүгө бел байлап жатышат.

КУАНДЫК УМАРОВ, СЫНАКТЫН КАЛЫСЫ:

- Чүкө оюну - ийкемдүү болууга, ылдамдуулукка жана тең салмактуулукту сактоого үйрөтөт. Мындан сырткары, бул улуттук спорт түрү таамайлык жана максаттуулукту өстүрөт. Балдар ушул жөндөмдөрдү үйрөнүшөт.

Белгилей кетсек, Балдарды коргоо күнүн майрамдоонун алкагында Астанада «Бактылуу бала чак» акциясы өткөрүлдү.  Балдар үчүн «Сарыарка» велотрегинде эксурсия уюштурулду. Мындан сырткары «Сарыаркада» балдарга арналган спорттук программа даярдалып, белектер ыйгарылды.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии