Казакстандык кино өндүрүш тармагындагы жетишкендик

Казакстандык кино өндүрүш тармагындагы жетишкендик

Баштаганын жыйынтыксыз калтырбаган эмгекчилдик, өз ишине болгон чексиз жоопкерчилик менен эркектик мүнөз. Бул казакстандык актриса Самал Еслямова тууралуу өз пикирлери менен бөлүшкөн кесиптештер жана досторунун бирдиктүү пикири. Белгилүү Канн кино сынагын багындырган казак кызы Түндүк Казакстан аймагында төрөлгөн. Театр өнөрүн өздөштүргөн кыз чеберчилигин арттыруу үчүн  Москвага аттанган.

САМАЛ ЕСЛЯМОВА, АКТРИСА:

- Мен колледжди аяктагандан кийин жогорку билим алышым керек эле. Кийин аракет кылбай койгондугума өкүнүп калбаш үчүн өтсөм-өтпөсөм да Москвага тапшырып көрүүнү чечтим. Аракет кылдым, өтүп кеттим. Көп өтпөй Сергей Владимирович өзүнүн 2-картинасына чакырды.

Самал өз каарманын болушунча берилип аткарган. Ал тартуу аянтында өзүнүн бүт күч аракеттин жумшаган. Самалга дүйнөлүк атактуулукту жана 71-Канн кино фестивалынын эң мыкты актриса наамын алып келген “Айка” тасмасында да ушундай аракет болгон.  Тасма ызгаардуу кышта тартылган, актриса узак убакыт бою каарда жылаңаяк жүргөн. Тасманын режиссеру Сергей Дворцевойдун айтымында, оңой эмес милдетти жеңип өтүүгө актрисанын таланты жана бекем мүнөзү жардам берген.

СЕРГЕЙ ДВОРЦЕВОЙ, ТАСМАНЫН РЕЖИССЕРУ:

- Казак жери ушундай мыкты кызды дүйнөгө алып келди. Ал  баштаган ишин аягына чейин чыгарууга болгон күчүн жумшайт, бекем мүнөздүү жана тайманбас кыз. Ал жеке эле “Мандалакты” эле эмес, Канн фестивалына жеткен “Айка” тасмасында да роль жарата алаарына көзүм жеткен.

Казакстандык актрисанын таланты боюнча дүйнөлүк тасма айдыңында 2008-жылы эле кеп болгон. Анда Самал Сергей Дворцевойдун “Мандалак” тасмасында башкы каармандын ролун ойногон.  “Мандалак” тасмасы да Канн кинофестивалында көрсөтүлүп, “Өзгөчө көз караш” сынагында башкы байгени багындырган. 10 жылдан соң Самал психологиялык “Айка” драмасындагы ролу менен кайрадан дүйнөлүк киночуларды таң калтырды. Эскерте кетсек, тасманын негизин Москвада мыйзамсыз жашап жаткан кыргыз кызынын оор тагдыры түзөт. Бул ролду жогорку деңгээлде аткаруу үчүн Самал коңшу өлкөгө барып келген.

СЕРГЕЙ ДВОРЦЕВОЙ, ТАСМАНЫН РЕЖИССЕРУ:

- Ал менин тапшырмам менен Кыргызстанга барып, ал жакта жашап, эл менен сүйлөшүп, кыргыз тилин үйрөнүп келген. Бул зор эмгек.

“Айка” тасмасын Казакстан, Орусия, Германия, Польша жана Кытайда ушул жылдын күзүндө көрсөтүүгө убада беришүүдө.