Астана шаарынын 20 жылдыгын белгилөө алкагында 600дөн ашуун түрдүү иш-чара уюштурулат. Негизги иш-чаралар кулжа айынын онунан башталып, теке айынын онуна чейин уланат. Көргөзмөлөр, концерттер  жана фестивалдардын кайсы мезгилде өтө тургандыгы тууралуу маалымат борбордун мааракесин утурлай ишке кошулган astanaday.kz сайтында жарыяланып турат. Расмий баракчада өтө турган иш-чаралар тууралуу маалымат алууга болот.

НАРИМА МУХАМБЕТАЛИНА, АСТАНА ШААРЫНЫН МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Борбордо билеттер 5 жерде сатылат. Анын бардыгын биздин сайттан көрүүгө болот. Ачылыштын максаты – Астанада болуп жаткан бардык чараларды сайтка салып, көрөрмандарга толук жеткизүү. astanaday.kz сайты жыл сайын бугу айынан, аяк оона айына чейин иштейт.

Шаар тургундары 1 ай бою «Astana karnaval» майрамдык парадына, «I love Astana» мюзиклына, ошондой эле «Astana Art Fest» өнөр фестивалына жана «Астанага белек» салттуу аткаруучулардын концертине күбө боло алышат. Мындан башка борбор калаанын 20 жылдыгына арнап ар бир облус Астанага белек катары архитектуралык эстеликтерди тартуулашат. Мисалы, Караганды облусу «Казак элине миң алкыш» эстелигин орнотсо, Чыгыш Казакстан облусу «Астана-Арена» аймагына фонтан салып берет. Сайт баракчасындагы ушундай маалыматтар менен таанышкан шаар тургундары мындай демилгелерди колдоп жатышат.

АЙДОС ЕНТЕБЕКОВ, ШААР ТУРГУНУ:

- Айылдан туугандар келсе, эмне кайда экенин билбей калабыз. Бул сайтка кирсең, иш-чаралар кайсы жерде жана качан болоору белгилүү болот. Бул өтө ыңгайлуу. Мерчемдеп, өзүңо кызыктуу болгон иш-чараларга барасың.

САЯТ РОМАЗАНОВ, ШААР ТУРГУНУ:

- Сайт өтө ыңгайлуу жасалган, мааракелердин качан өтөөрүн көрүүгө болот. Өзүм үчүн  маанилүү концерттерге билеттерди алдын ала алууга мүмкүндүк бар.

Мындан сырткары айдоочуларга, жабыла турган жолдор тууралуу да маалымат берилет. Сайттагы маалыматтар эки тилде, ал ар дайым жаңыланып турат. Ошондуктан, astanaday.kz баракчасы шаар коноктору менен тургундарына башкы жардамчы куралы.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии