Казакстанда 5-эл аралык KADEX-2018 курал-жарак көргөзмөсү ачылды

Казакстанда 5-эл аралык KADEX-2018 курал-жарак көргөзмөсү ачылды. Эң акыркы курал-жарак өндүрүштөрүн 30 жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк 300 өндүрүүчү көргөзмөгө коюшту. Алардын катарын Бельгия, Германия, Израиль, Индия, Испания, АКШ жана башка мамлекеттер толуктайт. Аталган иш-чара Казакстандык курал-жарак өндүрүүчүлөрдүн да башкы борборуна айланды. Самолеттор, тик учактар, космостук технологиялар, курал-жарактар, сооттолгон техника жана робот техникалары. Бул тармакта Казакстандын көрсөтө турган нерсеси мол.

АСЕТ КУРМАНГАЛИЕВ, «КАЗАХСТАН ИНЖИНИРИНГ» АК БАШКАРМАСЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Бул авиациялык, сооттолгон техниканын, чалгындоо системалары жана ракеталык күйүүчү май кластеринин багыты. Биз экспорттоп жаткан география Орусия Федерациясы, Монголия, Өзбекстан. Биздин өндүрүштөрдү жакынкы Борбор Азия аймактарына экспорттоого мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатабыз.

ОЛЕГ БАРАШКОВ, ИЛИМИЙ МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР КОМПЛЕКСИНИН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ/ОРУСИЯ:

- Биз «KADEX-2018» көргөзмөсүндө чалгындоо комплексин, бөлүмдөрдү  автоматташкан башкаруунун куралы болгон 83т215 башкаруу жана байланышын көрсөтүп жатабыз. Бул бөлүмдөрдүн алкагында, чалгындоо бөлүмдөрүн башкаруу үчүн маалыматтык колдоо көрсөтөт. Командирге анын кол астында кызмат кылып жаткандар кайда жүрөт жана алардын акыбалы кандай экендиги тууралуу маалымат жиберип турат.

Ири казакстандык ишкана көргөзмөдө медициналык транспортер-эвакуаторду алып чыкты. Аталган өндүрүш аз сооттолгон биринчи медициналык жардамды көрсөтөт жана жарадар болгондорду согуш майданынан алып кетет.

ЕРЖАН КАРИМОВ, “811 АВТО ОҢДОО ЗАВОД КИ” АК БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Модернизация десанттык отсектерди көбөйтүү жана кошумча медициналык шаймандар менен камсыз кылуу жолу менен ишке ашты. Биз жаткан калыбында 5 жарадарды, ал эми олтурган калыбында 8 адамды алып кете алабыз. Ошондой эле бул машина 100 метрлик лебедка менен жабдууланган.

Бул жылдагы көргөзмөдө жаңылык - “Казакстандагы космос күнү” эл аралык форуму болду. KADEX көргөзмөсүндө биринчи жолу ата мекендик жана дүйнөлүк космонавтиканын жетишкендиктерине арналган павильон коюлду.  Эскерте кетсек, аталган иш-чарага 40 өлкөнүн расмий делегациясы катышып жатат. «KADEX» көргөзмөсүнүн жыйынтыгы боюнча кызматташуу багытындагы 50  келишимге кол коюлуу күтүлүүдө. Бул келишимдер эл аралык деңгээлде ата мекендик жана чет өлкөлүк компаниялардын өнөктөштүгүн дагы бир тепкичке жогорулатат.