Катар номерлер белгиленген кружкалар катышуучулардын колунда. Демек кезек аныкталды. Бугу айынын жыйырма бешинде 17-Республикалык «Жаш канат» жаш аткаруучулар сынагы башталат. Аталган сынакка 12 ырчы катышат. Алардын бирөө жеңүчүү аталып, үйүнө «алтын канат» менен кайтат. Ал үчүн сынактан сүрдөбөй өтүү керек. Талаптар жылдан-жылга татаал.

МУРАТ ИРГАЛИЕВ, «ЖАШ КАНАТ» СЫНАГЫНЫН ПРОДЮСЕРИ:

- Биздин сынакка келе турган ырчылардын деңгээли жогорку ырчылардыкына жакын десем болот. Алар ар кайсы сынактарга катышып, алдыңкы орундарга илинген. Катышуучулардын бардыгы музыкалык мектептер, колледждер жана ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү. Бул жылдын өзгөчөлүгү ушул. Сынак болушунча жашарды.

Быйылкы сынактагы эң жаш талапкер алматылык Сымбат Сейилханова. Ал быйыл гана 16 жашка толду.

СЫМБАТ СЕЙИЛХАНОВА, СЫНАКТЫН КАТЫШУУЧУСУ:

- Мен өзүмдү ар кайсы тараптан көрсөтүү үчүн, репертуарымды ар тараптуу кылдым. Прегомеш ыры жана экинчи турга өтүп калсам англис тилиндеги ырды алдым. Ал «Something's Got a Hold on Me” деп аталат.

Астана, Петропавловск, Тараз, Алматы, Караганды, Орал жана Актөбө шаарларынан келген катышуучулар салт боюнча бак отургузуу иш-чарасына катышышты. Алар өз кыялдарын кагазга жазып, бак менен бирге топуракка көмүштү. Дал ушул мезгилде ар биринде бир кыял болсо керек. Ал - сынактан жеңип чыгуу.



Комментарии