Казакстандын заманбап көркөм өнөрү дүйнөлүк мейкиндикте. «Kazakh TV» телеканалынын эксклюзивдүү «Art Global» теле долбоору чет өлкөдөгү таланттуу казакстандыктарды чагылдырат. Алар дүйнөнүн белгилүү сахналарында өз өнөрлөрүн тартуулаган: адабият, театр жана кино,  классикалык жана салттык музыка, кол өнөрчүлүк тармактарынын өкүлдөрү. Венгрия, Испания, Франция, Австрия жана Орусияны багындырган өнөр ээлери менен казак көрүүчүлөрү тааныша алышты. Кийинки чыгарылыштар Азербайжан, Польша жана Корея өлкөлөрүндөгү казакстандытардын ийгилиги тууралуу болот. Бир жылдын ичинде долбоордун чыгармачыл тобу 40 тасма тартууну көздөп жатышат.

ЗАРИНА МУХАМЕДАЛИ, «ART GLOBAL» ДОЛБООРУНУН АВТОРУ, ПРОДЮСЕР:

– Өткөн жылы Казак драма театры Японияга барышкан жана япониялыктар спектаклдерде көз жаш төгө көрүшкөн. Менин оюмча көрүүчүлөргө дал ушундай маалыматтарды беришибиз керек. Биз Казакстанда жашайбыз, башка өлкөгө караганда билеттер өтө эле арзан. Дал ушул Астана шаарында өз өнөрлөрүн тартуулаган өнөр ээлери, чет өлкөдө зал толо көрүүчү чогулта алат.

Бүйүр кызыткан казакстандык искусствого саякат жасоону «Kazakh TV» «Modern art» теле долбоору аркылуу сунуштайт. Жаркыраган инсталляциялар, провокациялык сүрөттөр жана  бөтөлкөдөгү боёктор менен тартылган дубалдар. Аталган программа жаңы искусство доору жана формациясы тууралуу айтып берет.

СЕРИК АКИШЕВ, «MODERN ART ДОЛБООРУНУН ПРОДЮСЕРИ:

 «Modern art» өз мезгилинде пайда болду. Себеби азыркы учурда биздин исскуство ар бир тармактан муктаж.  «Kazakh TV» телеканалы чет өлкөдө эле эмес, Казакстанда да популярдуу. Ошондуктан биз эски аттарды же жаңы ысымдарды ачабыз. Сүрөтчүгө элдин жана өлкөсүнүн баасы өтө маанилүү эмеспи.

«KazakhTV» телеканалынан  Modern art көрсөтүүсүн ар бейшемби көрсөңүздөр болот. Аталган долбоордун аркасы менен көрүүчүлөр казакстандык таланттуу сүрөтчү, айкелчи жана жасалгалоочулары менен тааныша алышты.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии