Казакстандын киноиндустриясынын өндүрүшү эң абройлуу эл аралык кинофестивалында. Канн фестивалынын алкагында Казакстандын Улуттук павильону ачылды. 2-жыл катары менен казакстандык киноматографисттер өз сунуштарын айтып, чет өлкөлүк кесиптештер менен иштешүү боюнча талкуулай алышты. Белгилей кетсек, абройлуу чет өлкөлүк продюсерлер казакстандык кесиптештери менен биргеликте тасма тартууга кызыктар экенин айтышты. 

ВАЛЬТЕР КРОХМАЛ, КИНОПРОДЮСЕР /АКШ/:

- Мен сиздердин өкмөтүңүздөрдүн кинематографияга жасаган акылдуу инвестициясына таң калдым. Эгер тасма болсо, демек тарых менен тарыхый инсандар унутта калбайт. Бүгүн казак мактанып айта ала турган бай маданиятына күбө болдук. Бул казакстандык тасманын кайталангыс кылып ача турган фактору. Мен Казакстан менен жакындан таанышкым келет. Ошондуктан сиздердин чыгармачылыктарыңыз үчүн Нью-Йорктогу аянтча ар дайым ачык.

ФЛАВИО ДОНИНИ, КИНОПРОДЮСЕР, /ИТАЛИЯ/:

- Казакстан – көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар, ажайып өлкө. Биз кийинки тасмабызды Казак өлкөсүндө тарткыбыз келек. Ошондуктан сиздердин киноиндустрияларыңыздан продюсер издеп жатабыз. Биз аларды дал ушул жерде – Италия павильонунда күтөбүз.

Белгилей кетсек, быйыл фестивалдын «Өзгөчө көз караш»  программасында казакстандык режиссер Адилхан Ержановдун «Ласковое безразличие мира» кинокартинасы көрсөтүлдү. Ошондой эле жаш режиссер Жаннат Алшанованын «Мезгил соңу», Ольга Коротьконун «Жайлуу кыш», Венера Кайыржанованын «Жашынмак», Берик Жахановдун «Асам»  кыскаметраждуу тасмалары фестивалдын программасына кирди. Казак кино өнөрү менен тааныштырып жаткан улуттук павильон  бугу айынын 19на чейин көрүүчүлөргө кызмат көрсөтөт.



Комментарии