Көрктүү кыймыл, артисттик чеберчилик жана чебердик. Астанада «Silk Way - Jibek Joly 2018» дүйнөлүк бий фестивалы болуп өттү. Борбор шаар спорттук-бал бийи боюнча мыкты аткаруучуларды бешинчи ирет кабыл алды. Анда Жибек Жолундагы мамлекеттерден – Азия, Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген жалпы бир жарым миң бийчи ат салышты.

СВЕТЛАНА ТОРЕБЕК, КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨСҮ:

 - Фестиваль таанымал болгон үчүн өзүнчө бир мартабага ээ. Карагылачы, кандай түгөйлөр келишти, бул аталган бийдин эл аралык деңгээлге чейин өсүп жаткандыгынан кабар берет. Дүйнөлүк деңгээлдеги бийчилердин келиши кыйын, бул жакта болсо дүйнө чемпиону, Блэкпулдун жеңүүчүлөрү бар.

Фестивалдын программасына – классикалык европа жана шыктандыра турган латын-америкалык бийлери. Вальс, фокстрот, танго, самба, румба, ча-ча-ча... Борбордун күйөрмандары дүйнөнүн чар тарабынан келген артисттердин мыкты аткаруусун күн сайын көрө беришпейт.

БЛИЦ:

ИЛЬЯ ВОЛКОВ, КАТЫШУУЧУ/БЕЛАРУСЬ/:

Атаандаштар күчтүү экен. Бизге атаандаштык күчтүү болгондо бийлеген абдан жагат. Ушундай беттешке катышып жатканыбызга кубанычтамын. 

ЯСМИН ВЕТРОВА, КАТЫШУУЧУ/ҚАЗАҚСТАН/:

Бактияр экөөбүз бир жылдан бери чогу бийлейбиз. Көптөгөн жарыштардын жеңүүчүсү болгонбуз. Бул жакка дагы жеңүү үчүн келдик.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии