Женева: “Казакстандан келген сүйүү”

Женева: “Казакстандан келген сүйүү”

Казакстандан чын жүрөктөн! Женевада “Сазген Сазы” фольклор-этнографикалык ансамблинин, казакстандык белгилүү эстрада жана опера аткаруучуларынын концерти өттү. Иш-чара “Руханий жаңыруу” программасынын алкагында уюштурулду.

БАГДАТ ТЕЛЕГЕНОВ, «САЗГЕН САЗЫ» АНСАМБЛИНИН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ, КР ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

 Женеванын тургундарына жана Швейцариянын борборунун конокторуна көрсөтүү үчүн биз бул жакка казак ырларын, күүлөрүн, ошондой эле элдик улуттук аспаптарды алып келдик. Алардын катарын: жетиген, саз-сырнай, ускирик, сыбызгы жана шерке толуктады. Биздин артисттер казак искусствосунун кооздугун көрсөтүүгө бар болгон талантын, күчүн жумшады.

ДАНА ОРМАНБАЕВА, КОНЦЕРТТИН ПРОДЮСЕРИ:

 - Коштук, кошулбай тургандай сезилген – джаз, эстрада жанрындагы элдик аспаптар, аткаруучулар дагы ар түрдүү, программанын уникалдуулугу мына ушунда болду. Эч ойлонбостон эле аны “Казакстандан келген сүйүү” деп атадык, анткени мында көп ой камтылган. Швейцария, мында досторубуз абдан аз болгон жападан жалгыз өлкө болсо керек. Бирок биз алардын көбөйүшүнө ишенебиз.

Мирей Матьёнун репертуарындагы ырларды Гульнара Кошенованын жогорку чеберчилик менен аткаргандыгы көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды. Элди суктандырган казак күүлөрү, казакстандык опера жана эстрада артисттеринин вокалдык чеберчилиги кош көңүл калтырган жок.

СЕЦУКО КЛОССОВСКА ДЕ РОЛА, СҮРӨТЧҮ, «ЮНЕСКОНУН ТЫНЧТЫК ЖОЛУНДАГЫ АРТИСТИ» НААМЫНЫН ЭЭСИ:

 – Концертте абдан көп аспаптар болду, ыйлап жиберейин деп араң карманып турдум. Менин жүрөгүм таштын, өзөндүн жана талаалардын музыкасын укту. Силердин мызыкаңар табияттын кооздугун чагылдырат. Дүйнө жүзүнө мактана турган сонун салттарыңар бар экени менен куттуктайм.

КАРОЛИН ШОЙФЕЛЕ, «ШОПАР» ҮЙҮНҮН ТҮПТӨӨЧҮСҮ:

 Мен музыканын чоң сүйүүчүсүмүн. Бирок, бул жолку иш-чара бир өзгөчө болду. Данэлиндин үнүчү?! Баракелде!

ЛЮДМИЛА ХИННЕН, ЖЕНЕВАНЫН ТУРГУНУ:

Ансамблдин керемет кийимдери, тизилип тургандагы көрүнүш, артындагы Казакстандын талаалары, эң сонун. Мен бүгүн Мекеним менен жолуктум!

Уюштуруучулардын айтымында, ушундай сыяктуу казак маданияты менен тааныштыруу келечекте да уланат.