Францияда казакстандык окуучу биринчи орунга ээ болду

Францияда казакстандык окуучу биринчи орунга ээ болду

Казакстандын мектеп окуучусу француз угуучуларынын жүрөгүн багындырды. 13 жаштагы Айдана Алимжанова “Мен сени сүйөм, Париж” аттуу Эл аралык вокал фестивалында биринчи орунга ээ болду. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 200дөн ашуун катышуучунун арасынан казакстандык окуучу мыкты аталды. 

Бирок бул жеңишке жетүү оңой болгон эмес. Айдана вокал менен беш жылдан ашык убакыттан бери алектенет. Ал эң алгач «Акжелен» сынагында жеңүүчү болгон. Анан башкы байгени алып Францияга аттанган.

ЛАРИСА ЕРЕМИНА, РАЙОНДУК БАЛДАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

Чакырууну ата-энесине алып бардык. Алар окуп толкунданышты. Бул Европа го, бул жак болсо айыл деп күлүштү.

Айдана джазды абдан жактырат. Бирок, француз жана англис тилдүү сахнага чыгуу үчүн ал кичинекей аткаруучулар үчүн татаал деп саналган классикалык казак ырларын тандады.

АЙДАНА АЛИМЖАНОВА, ВОКАЛЧЫ:

– Фестивалга катышуу үчүн эки ырды тандап алдым. Бул «Кайзаман» жана «Туулган жер». Франциянын көрүүчүлөрү казак тилин билбесе дагы менин аткаруумду жылуу кабыл алышып, кол чаап колдоп тургандары мени абдан таң калтырды. Мен казак эстрадасына чыгууну жана ырчылар менен чогуу башка өлкөлөргө концерт коюп барууну кыялданам.

ДАМЕЛИ ЕСЕНТУГЕЛЕВА, АЙДАНА АЛИМЖАНОВАНЫН ЧОҢ АПАСЫ:

– Айдананын Парижге бара турганын билгенде сахнага кие турчу кийими тууралуу көп ойлондук. Көйнөктү өзүм тиктим, ал жакта Казакстандын символикасын – биздин желектин өңүн жана алтын казак оймо-чиймелерин көрсөткүм келген.  

Вокалдан сабак берген мугалимдер Айдананын кең келечегине ишенишет. Бул жылы ырчы кыз Орусияда өтө турчу “Балдар үнү” шоусуна катышууну максат кылууда.