Астана шаарынын мамлекеттик архиви Улуу Ата-Мекендик согуштун экспонаттары менен толо түштү. Салмагы 250 граммдык кара нан - 900 күнгө созулган душманга багынбаган, баатыр шаар ленинграддыктарга дем берген бир күндүк азыгы. Орусиядагы Пискарев мемориалдык комплексинин өкүлдөрү курчоодо болуп, баш ийбеген  каармандыктарынан кабар берген тилсиз күбөлөр - фото материалдарды жана документтерди өлкөгө тапшырышты.  Алардын ичиндеги эң баалуусу - шаарды душмандан бошотууда баатырлык менен курман болгон казакстандыктардын тизмеси. Азыркы тапта, Ленинградды бошотууда курман болгон  129 казакстандын аты белгилүү.

АЛЕКСЕЙ АНДРЕЕВ, «ПИСКАРЁВ» МЕМОРИАЛДЫК КОМПЛЕКСИНИН ӨКҮЛҮ /РФ/:

- «Пискарев» мемориалдык комплексинде 490 миңден ашуун  адам жерге берилген. Азыркы мезгилге чейин, алардын 366 миңи белгисиз. Биздин милдет-Ленинград үчүн жанын берген баатырлардын жана казакстандык жарандар боюнча кандай болсо да маалыматтарды издөө жана алардын  атын өчүрбөй сактоо. 

Ленинград үчүн болгон күрөштө казакстандык-жоокерлер өзгөчө баатырлык жана тайманбастыкты көрсөтүшкөн. Коргонууда 310 жана 314 - аткычтар дивизиясы активдүү катышкан. Ошондой казакстандыктардын баатырлыгы 22 адам жашаган аймактарды бошотууда да байкалган.  Ал эми жеңиш үчүн өз жанын берген Алия Молдогулованын аты эч качан унутулбайт. Ленинград үчүн болгон согушта курман болгон казакстандыктардын урматына аталган шаарда Пискарев мемориалдык комплексинин аллеясында, атайын мемориалдык такта орнотулган.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии