Алматыдагы немис драма театры КМШ өлкөлөрүнө гастролдук сапары менен аттанат

Алматыдагы немис драма театры КМШ өлкөлөрүнө гастролдук сапары менен аттанат

Алматыдагы немис драма театры, Өзбекстан, Германия жана Орусия өлкөлөрүнө гастролдук сапары менен аттанат. Бул КМШ өлкөлөрүндөгү жалгыз немис театры. Ар кайсы улуттуу жамаат көп тилде оюн көрсөтүшөт. Азыркы тапта театрдын репертуарында немис, казак жана орус драматургдарынын  классикалык жана заманбап чыгармалары бар.

Юлия Тейфель каармандардын образына болушунча сүңгүп кирип кетет. Анын окуп жатканын байкап турган көрүүчү, чыныгы спектакль көрүп жаткандай болот. Бул театрга Юлия 6 жыл мурун Жүргенов атындагы  искусство академиясында окуп жүргөн мезгилинде келген. Немис тилин угуп ушул жерде калууну туура көргөн.

ЮЛИЯ ТЕЙФЕЛЬ, НЕМИС ТЕАТРЫНЫН АКТРИСАСЫ:

– Менин биринчи билимим музыкалык болгон. Окуп жүргөн кезимде немистин дүйнөгө белгилүү музыканттары Бетховен, Бахтын музыкаларын жаттап өстүк. Буга кошумча Гёте, Шиллер жана Ремарктын чыгармаларын окудук. Ушунун бардыгы менин немис театрына келүүмө түрткү болду.

Канча көп тил билсең, ошончо көп роль аласың. Театрдын эрежеси ушундай. Анткени немис театрындагы спектаклдер автордун эне тилинде коюлат. Бир гана Мухтар Ауэзовдун «Кара көз» пъесассы Гёте институту тарабынан немис тилине которулган.

НАТАША ДУБС, НЕМИС ТЕАТРЫНЫН МҮДҮРҮ, РЕЖИССЕРУ:

- Өткөн жылы биз ушул спектакль менен Европага чоң тур жасап келдик. Беш мамлекеттин борборунда болдук. Чет элдиктерди казактын улуттук маданияты менен тааныштырдык. Биз Ауэзовду алып, аны бир аз башкача көз караш менен карап, өз тилибизде сүйлөттүк. Көрүүчүлөргө кызыктуу болду деп ойлоймун.

Белгилей кетсек, казакстандык немис театры гастролук турларда көрүүчүлөргө бир гана жаңы спектаклдерди көрсөтүүгө ниеттенет.