Казакстандык өнөрлүү балдар Киевде өткөн эл аралык ыр сынагында жеңүүчү болушту. «Жаш Европа» аттуу сынакка Украина, Италия, Польша, Сербия, Хорватия, Перу, Түштүк Корея, Израиль жана Казакстан, баардыгы болуп 75 жаш өнөрпоз ат салышты. Атай кетсек, биринчи жолу уюштурулуп жаткан ыр сынагында казак кыздарынын өнөрү менен улуттук кийими көрөрмандардын көз жоосун алып, калыстардын жогорку баасына татыды.

ЖИБЕК ЭЛТАЙ, “ЖАШ ЕВРОПА” ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

– Негизи көйнөгүм баардыгына абдан кооз көрүндү. Анткени биз муну тиктирип жаткан кезде, кооздугуна абдан маани бердик. Анан дагы көбүнчөсү кайсы жерден, кантип тиктирдин деп сурап жатышты. Ал эми менин ырым Туулган жер деп аталат, бул ыр дагы көрөрмандарга абдан жакты. 

ТАТЬЯНА АПАНАСЕНКО, “ЖАШ ЕВРОПА” ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЫНЫН ДИРЕКТОРУ:

- Калыстар тобу ааламдын 8 элинен иргелип шайланган. Албетте Украина тараптан сынакка абдан дыккаттык менен катышты. Казакстандын атынан өнөрүн тартуулаган жаш өнөр ээлери жогору бааланып, балдардын бардыгы жеңүүчү аталды. Казак балдарынын үнү, сахна кийимдери жана өнөрү жогору бааланды.

Бул ыр сынак автордук, улуттук, эстрадалык ыр жана ааламдык хит деп аталган беш аталыш боюнча уюштурулду. Казакстандык жаш таланттар быйылкы сынакка алгачкы жолу катышууда. Жибек, Саяжан менен Айганымдын да чет өлкөгө алгачкы жолу чыгуулары экен. Кыздар бул ат салышуудан  алдыга оозуп чыккандарына кубанычта.



Комментарии