Астанада “Көз карандысыздык таңында” аттуу көргөзмө ачылды

«Көз карандысыздык», «Казакстан ядросуз ааламды колдойт», «Доор бурулушунда», «Негизги реформалар», «XXI-кылымдын босогосунда».  Борбордо ушул 6 тематикалык экспозицяны камтылган “Көз карандысыздык таңында” аттуу көргөзмө ачылды. Тунгуч президенттин музейине келген коноктор бул жерде эгемендүү мамлекет куруу жолундагы тарыхый документтер менен баалуу материалдарды, макалалар, фото-сүрөттөр, баалуу китептер жана эл башчысынын жеке заттары менен тааныша алышат. Бул көргөзмө  мамлекеттин көз карандысыздыгын белгилеп турат. Бул жерде  “Эл башынын” китепкана жана музей фондунан 350дөн ашуун баасыз сувенирлер чогултулган.

КҮЛАЙША АТАЕВА, ТУНГУЧ ПРЕЗИДЕНТТИН КИТЕПКАНАСЫНЫН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

 - Бул  жердеги экспонаттар XX-кылымдын башынан 2000-жылга чейинки окуялар хронологиялык негизде берилген. Бул ядролук куралдан баш тартуу сыяктуу олуттуу чечимдер, президенттик институтту калыптандыруу мезгили. Ушундайча биз XXI-кылымга президенттик институт негизинде курулган заманбап демократиялык мамлекет катары кадам таштадык.

Экспозиция ар каалоочуга Казакстандын суверендүүлүктү алгандыгын, ошондой эле анын өнүккөн, туруктуу жана заманбап өлкөгө карай ташталган алгачкы кадамдары менен тааныштырат. Эгемендүүлүктү чагылдырган иш-чара президенттик институттун түзүлгөнүнө 28 жыл болгондугуна арналат.