«Сыйкырдуу тогуз нота». Пекиндеги Шанхай кызматташтык уюмунун штаб-квартирасында казак пианисти Рахат-Би Абдысагиндин фортепиано концерти өттү. Ал “Шанхай сегиздиги” өлкөлөрүнүн арасындагы маданият байланашын өнүктүрүүгө багытталган Шанхай кызматташтык уюмунун музыкалык иш-чараларынын алкагындагы эсеп боюнча жетинчи болуп калды. Белгилей кетсек, “казак Моцартынын” эмгектеринен ырахат алууга тышкы иштер министрлери, элчилер жана “Шанхай сегиздигинин” башка өкүлдөрү да келишти.

ВАН КАЙВЭНЬ, ШКУнун БАШКЫ КАТЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

 – Казакстандык жаш композитор бизге унутулгус кеч тартуулады. Абдан ырахат алдым. Рахат-Бинин жогорку деңгээлдеги аткаруусуна таң бердим.

Дүйнөлү классиканын шедеврлеринен сырткары, Рахмат-Би өзүнүн да чыгармаларын аткарды. Алардын арасында коноктордун суктануусуна арзыган – белгилүү “келгин куштардын ыйы”. Бүгүн жаш композитордун өзүнүн иштерин Европанын, Азиянын, Американын белгилүү артисттери жана дүйнө жүзү боюнча симфоникалык, камералык оркестрлар аткарышат.

РАХАТ-БИ АБДЫСАГИН, “ДАРЫН” МАМЛЕКЕТТИК ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРИАТЫ:

- Мен дал ушул жерде чыгып жатканыма өтө кубанычтамын. Бир четинен бул абдан чоң урмат жана жоопкерчилик, бир жагынан чоң ырахат. Бул залдын камералык атмосферасы бизди ШопЕндин, ШУберттин жана Листтин дооруна алып барат.

Рахат-Бини өзүнүн чыгармачылыгы менен Шанхай уюмунун ынтымактык сезимин ойготкон эң жаш композитор деп аташат. «Сыйкырдуу тогуз нота» иш-чарасынын бир бөлүгү бүткөн соң, “Шанхай сегиздигинин” таланттууларынын катышуусундагы гала-концерт өткөрүү мерчемделүүдө. 



Oкшош жаңылыктар

Комментарии